mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош жолунда унаалардын өтүүсүн камсыздоо максатында, жолду тазалоо жана жолго тайгалакка каршы инерттик материалдар менен кайра толтуруу, ошондой эле жолду жамгырдан жана кардан кийин таштардан, таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлдү

Туннелге жакын 89-90 чакырым, туннелдин түштүк порталында 123-138 чакырым, Бишкек-Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусунда 206-209 чакырым жолду унаалардын өтүүсүн камсыз кылуу максатында Бишкек-Ош унаа жолунда жол тазаланып, жүрүүчү бөлүк тайгакка каршы инерттик материалдар менен толтурулду. Ошондой эле жолду таштан, жамгыр жана кардан кийин тазалоо иштери жүргүзүлдү. МАЗ-1 агрегаты, Хово-1 агрегаты, жүктөгүч-1 агрегаты, ДЗ-98-1 автогрейдери, УРАЛ Парм-1 агрегаты, Утмек-МАЗ-МДК-1 агрегаты, автокран-1 агрегат, Пикап-1 агрегат унаалары тартылган. 140 тонна туз жана кум колдонулуп, 10 жумушчу иштеген.

Ала-Бел ашуусунан Токтогул конушунун кире беришине чейин 209-282 чакырымында жолду дагы тазалашып жолго туз чачышкан. Жалпысынан 50 тонна кумдун 20 тоннасы сарпталды. Бул жерге Хово-1 агрегатын, Унимок Мерс-1 агрегатын, жүктөгүч-1 агрегатын, МАЗ МДК-1 агрегатын колдонушкан жана 10 жумушчу тартылган.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бардык категориядагы айдоочулардан жайкы дөңгөлөктөрдү тез арада кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырууну, унааларды кар чынжырлары менен жабдууну, ашуулардан өтүүдө сергек болууну жана унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоону ынандырарлык түрдө суранат. Ошондой эле унаалар тыгылып калган учурда тилектештигин көрсөтүп, машиналардын тыгынын пайда кылбоо үчүн каршы тилкеге чыкпоо керектигин эскертет.
Учурда жолчулар унаалар менен өтмөктөрдүн өтүүсүнө белгилүү шарттарды түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Атап айтканда, Транспорт министрлигинин жол кызматтары тарабынан Бишкек-Ош автомобиль жолдорунун кесилиштеринде (Суусамыр өрөөнүндөгү Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашуусунда, Талас-Тараз-Суусамыр, Өтмөк ашуусу), Бишкек-Нарын-Торугарт боюнча бороон-чапкындын коштоосуна карабастан жолдогу кар күрткүсүнөн, муздан тайып кетүүгө каршы материалдарды кошуу менен тазалоо иштери жүрүп жатат.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы