mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Ош автожолунун тилкесинде жааган кардан улам чектөө киргизилди

2020-жылдын 11-февралында түнү Токтогул районунда кар жаап, бийиктиги 25-30см. түздү.
Аба-ырайынын өзгөрүшүнөн улам «Чычкан» стационардык постунда, Бишкек-Ош автожолунун 272 чакырымында эртен мененки саат 7-00дон баштап оор жүк ташуучу автоунааларга чектөөлөр киргизилди.
Ал эми Төө-Ашуу ашуусунда автотранспорт үчүн жол ачык.
Ала-Бел ашуусунда жана Чычкан ашуусунда жол тилкеси жааган кардан улам тазаланууда.