mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 139-чакырымында жана 141-чакырымдарында суу өткөрүүчү түтүктөр слынып, толугу менен бүткөрүлдү  

 

Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин Бишкек-Нарын-Торугарт жол башкармалыгынын № 34-жол тейлөө мекемеси тарабынан, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 30+600 жана 41+500 чакырымында, 27-июндан 25-июлга чейин жолго ШПО жумуштарын жүргүзүшүп, толугу менен бүтүрүштү.

Аткарылып жаткан жумуштун жалпы узундугу 23,5 чакырымды түзүп, бүгүнкү күндө 41,5 чакырымдан ары улантылып жатат.

Ошондой эле, “капиталдык салымдардын” эсебинен Кеӊ-Булуӊ-Свинсовхоз унаа жолунун 1 чакырымына  асфальт салынып бүткөрүлдү.

Ал эми Кеӊеш обходной унаа жолуна 1 чакырым жаӊы асфальт төшөлүп бүттү.

-Чүй дарыясынын жол жээктерин бойлоп кеткен бөлүктөрүн (берегоукрепительная работа) бекитүү боюнча, жалпы 7 бөлүктүн (участок) 4 бөлүгүн (участок) толугу менен жасап бүтүштү.

Азыркы учурда иштеп жаткан техникалар:

-1 чипсилер (дорожная техника),      -3 погрузчик,              -7 самосвал,

-2 каток,                   -2 битумная яма,       -4 битумовоз,

-1 суу ташыгыч,      -1 компрессор жана  -15 жумушчу иштеп жатат.

Ошондой эле, эл аралык маанидеги  Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун башкармалыгына караштуу № 32-жол тейлөө мекемеси тарабынан, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунунун 139-чакырымында жана 141-чакырымдарында, 20-июль 2018-жылы, суу өткөрүүчү түтүктөр слынып, толугу менен бүткөрүлдү.

№ 32-жол тейлөө мекемеси, Кемин-Шабдан-Көк-Ойрок унаа жолунда жасала турган 5 чакырым ШПОго даярдыктар көрүлүп жатат, ошондой эле жол үстүндөгү жаракаларга “битум” суюктугу куюлуп бүткөрүлдү.

Кара-Булак-Бейшеке унаа жолундагы 1 чакырым жолдун негизи (основания) даярдалып, 2 суу өткөрүүчү түтүк курулуп бүттү.

Пресс-кызмат