mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бишкек — Күн-Туу – Шопоков унаа жолундагы көпүрөнүн үстүнө атайын тосмо орнотулду

Эске салсак, 12-март күнү Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жаран кайрылып, Бишкек — Күн-Туу – Шопоков унаа жолунун 7-8- чакырымында, тагыраагы, дачаларга кайрылган жердеги каналдын үстүндөгү көпүрөдө атайын тосмо жоктугун айткан. Ал айдоочулар жана жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч болуп жатканын билдирген. Маалым болгондой, буга чейин орнотулган тосмо жол кырсыгынан улам жараксыз абалга келип, кайра калыбына келтирилген эмес.

Министрлик кайрылууга ыкчам чара көрүп, №1 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери 14-мартта атайын тосмо орнотуп кетишти.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы