mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкек-Кара-Балта жолун куруунун 4-фазасын ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты.
Аны менен бирге Кубатбек Боронов Сокулук жана Ак-Суу суулары аркылуу өткөн көпүрөнүн куруу иштеринин жүрүшү менен таанышып, Жайыл районунун Полтавка жана Новониколаевка айылдарында курулуп жаткан тилкелерди, ошондой эле жер өтмөктөрүнүн курулушун көрүп чыкты.
Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдиргендей, жалпы долбоордук тилкеге эки кат асфальт бетон төшөлүп, көпүрөлөр, чакан жасалма курулуштар, аялдамалар жана тротуарлар оңдолот. Мындан тышкары алты жаңы жер өтмөгү курулуп, учурдагы төрт өтмөктү оңдоо ишке ашырылат.
Бүгүнкү күнү жолдун түштүк тарабынан 3,7 км жана түндүк тарабынан 1,8 км асфальт бетондун төмөнкү катмары төшөлдү. Ошондой эле электр берүүчү линиялардын 205 жаңы тирөөчтөрү орнотулуп, 82 жерде суу түтүктөрүн куруу аяктады. Төрт көпүрөдө курулуш иштери уланууда (Жантай суусу, Сокулук суусу, Ак-Суу суусу, Ак-Суу сел нугу), Желамыш көпүрөсүндө иштер дээрлик аяктады.
Транспорт жана жолдор министри кошумчалагандай, 2019-жылы жер казуу иштерин аяктоо жана жалпы 20,32 чакырым аралыкка асфальт бетон төшөө пландалууда.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, Бишкек-Ош жолунун бөлүгү болуп саналган Бишкек-Кара-Балта жолу өлкөнүн транспорттук каттамдарында стратегиялык мүнөзгө ээ.
«Бишкек-Кара-Балта жолунун курулушун аяктоо жана жол бетин кеңейтүү түндүк жана түштүк аймактардын ортосундагы унаа каттамдарын жөнгө салууга шарт түзөт. Бул тилке бүтүндөй өлкө үчүн зор роль ойнойт», – деп баса белгиледи Кубатбек Боронов.
Анын айтымында, жаңы тилкелердин курулушу заманбап шарттарга жооп берүүгө тийиш, анткени бул жол республикадагы эң кыймыл жыш жолдордон болуп саналат.
Жалданма компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда Кубатбек Боронов бардык курулуш иштерин сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүн дагы бир ирет белгиледи.
Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, бул жол тилкесиндеги курулуш учурунда келип чыккан бардык маселелерди ыкчам чечүү, ошондой эле куруу иштеринин сапатын көзөмөлдөө үчүн жумушчу комиссия түзүүнү тапшырды.
Комиссияны транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев жетектеп, анын курамына Транспорт жана жолдор министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Чүй облусундагы Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү, ошондой эле Москва, Сокулук жана Жайыл райондорунун акимдери кирген.
Мындан тышкары Кубатбек Бороновдун айтымында, жергиликтүү калктын түшүнбөөчүлүгү айрым учурларда курулуш иштеринин графиктен артта калуусу алып келүүдө. Ушуга байланыштуу биринчи вице-премьер-министр жол жээгиндеги турак үйлөрдүн ээлери менен иш-чараларды күчөтүүнү жана жолдун курулушун мурда белгиленген мөөнөттө аяктоону камсыздоону тапшырды.