mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бир айда 34,5 миңдей унаа текшерүүгө алынып, жыйынтыгында 2,5 млн сомдон ашык айып салынды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2023-жылдын 7-февралындагы протоколдук тапшырмасынын жана Транспорт департаментинин 2023-жылдын 9-февралындагы №25-буйругунун негизинде республиканын бардык аймактарында, ошондой эле Чүй облусунда жүк ташуучу транспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габариттик нормаларын сактоо жана жүргүнчү ташуучу автоунаалардын айдоочуларынын жүргүнчү ташуунун эрежелерин сактоо боюнча рейддик текшерүү иштери жүргүзүлдү.

2023-жылдын 13-февралынан 13-мартына чейин жүргүзүлгөн  бир айлык рейддин жыйынтыгында республика боюнча транспорт көзөмөл пункттарында (ТКП) жана транспорттук көзөмөлдүн мобилдик топтору тарабынан жалпысынан  34 469 автоунаа текшерилип, 446 мыйзам бузуулар аныкталып, 446 протокол түзүлгөн. Анын жыйынтыгында 2 598 500 сомго айып салынган, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181-беренеси боюнча (салмак-габариттик өлчөмдөрдүн  белгиленген  ченемдерин сактаган эмес) 74 протокол  түзүлүп, 1 422 766 сомго  айып пул жана  автожолдорго келтирилген зыяндар менен залалдардын ордун толтуруу боюнча жыйым чектелген.

Транспорттук көзөмөлдүн мобилдик топтору тарабынан 5 866 автоунаа текшерилип,  269 мыйзам бузуу катталып тиешелүү протоколдор түзүлгөн жана 912 317 сомго айып пул жана автожолдорго келтирилген зыяндар менен залалдардын ордун толтуруу боюнча жыйым чектелген.

Катталган мыйзам бузуулардын негизинде Транспорт департаментинин аймактык башкармалыктары тарабынан облустардын аймагындагы жүк жүктөгөн ишканаларга жана карьерлерге 83 жазма эскертүүлөр берилди.

Мындан тышкары, Транспорт департаменти  тарабынан жүк жүктөгөн ишканалардын жетекчилеринин арасында жүк ташууларды уюштурууда салмак – габариттик параметрлерди так сактоого жана жүргүнчү  ташуучулардын арасында тиешелүү талаптарды аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Бир айлык рейддердин жүрүшү боюнча Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын аймактык телеканалдарында, массалык маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда кеңири чагылдырылып турду.