mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Дөбө айылындагы ички көчөлөрдүн тротуарлары менен жолдун тилкесин табигый таш менен төшөө боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда.

Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын Дөбө айылындагы ички көчөлөрдүн тротуарлары менен жолдун тилкесин асфальттоо боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылууда.

Бул долбоордун тапшырыкчысы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №2 жол тейлөө ишканасы, подрядчы «Жалалабат АБЗ» ААКсы (асфальт-бетон заводу). Долбоордун сметалык баасы 19 496 667 сом 3 км жолго жана эки көчөгө 1,380м 2 тротуарга.Көчөлөрдү негизги көчөгө туташтырган жол тилкесинин туурасы 7 м , анын 3,6м 0,7м таш менен төшөө, четин асфальт-бетон төшөө менен бекитүү, 1,4м жана 1м эки тарабына кум шагыл төшөлгөн бордюр коюлат.

Ошондой эле Дөбө айылынын чоң көчөсүнө туурасы 1,7 м болгон эки тараптуу брусчатка төшөлүп, бала бакчанын жанына бир жактуу брусчатка таш менен төшөлмөкчү. Учурда Дөбө айылында табигый ташты кесүүчү завод берилген өлчөмдөргө ылайык ишке киргизилип, жолдун 1 чакырым тилкесиндеги табигый таш төшөө үчүн фундаменти даярдалды.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты А.Досалиев автор болгон таш жолдорду ишке киргизүү долбоору 2022-жылы Жогорку Кеңеште долбоорлорду кароо боюнча атайын түзүлгөн комиссияда каралып , долбоорду кароого Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровго жиберилген. Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине таш жолдорду курууну киргизүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырма берилген.

Белгилей кетсек, 2014-жылы Жогорку Кеңештин экс-депутаты А. Досалиевтин демилгеси боюнча Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда эксперимент катары узундугу 1 км болгон жолдун бир бөлүгүнө табигый таш төшөлгөн. Ошондон бери бул жол деформацияланган эмес. Ал бүгүнкү күнгө чейин ар кандай транспорт түрлөрү менен облустун калкын тейлеп келет.

Жалпылап айтканда, жолдун таш төшөлмөсүн куруу боюнча пилоттук долбоор оң натыйжа берсе, жолдун бир бөлүгүн табигый таш менен төшөө ыкмасы Улуттук долбоор катары каралып, өлкө боюнча киргизилет.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы