mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Барскоон-Ак-Шыйрак жана Сөөк-Каракол унаа жолдору унаа кыймылы үчүн ачык

Болуп өткөн суукка байланыштуу Барскоон-Ак-Шыйрак жана Сөөк-Каракол жолдору жабылып, жергиликтүү тургундардын, чабандардын жана чек арачылардын кыймылына кыйынчылык жараткан. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №3 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралар менен акыркы алты күн ичинде кар тазалоочу техникаларды тартуу менен Барскоон-Ак-Шыйрак жана Сөөк -Кара-Кол унаа жолдору каттамга ачылды. Жумушчулар жолдорду тазалагандан кийин туруктуу иштөөчү жайга кайтып келишти. Ысык-Көл облусунун Барскоон-Ак-Шыйрак жана Сөөк-Каракол унаа жолунун айрым тилкелеринде кар күрткүсү дагы эле уланууда. Андыктан жолчулар күнү-түнү нөөмөттө болуп, жолдорду тазалоо иштерин баштоого даяр турушат.

 

КР ТжКМнин басма сөз кызматы