mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолунун (0-104) реконструкциялоо долбоору боюнча Дүйнѳлүк көчмөндөр оюндарга карата аткрылган иштер

 

2018 – жылдын 30-июлуна карата 33-43,5, 85-104 чакырымдарында жалпысынан 26 км асфальтобетон жабдуусунун астынкы катмарын тѳшѳѳ жумуштары аткарылды, ал эми, 33+000-43-500 чакырымына чейин сол тарабына жалпысынан 5,5 км асфальтобетон жабдуусунун үстүнкү катмарын тѳшѳѳ жумуштары аткарылды.

Ошондой эле, 23-33 чакырым аралыгында бүгүнкү күндѳ эски асфальтобетонду сыйруу жумуштары аткарылып буткѳрүлдү жана жолдун негизин тѳшѳѳ жумуштары аткарылууда, ѳз убагында каржылоо болсо 2018-жылдын август айына чейин 23-33 чакырымына асфальтобетондун астынкы катмарын тѳшѳѳ жумуштары аяктарын билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы 508-р номерлүү буйругун ишке аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти аркылуу Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата 0-104 км автожолунун реконструкциялоо  долбоорун ишке ашыруу жумуштары жүргүзүлүп жатат.

Реконструкциялануучу участканын узундугу -104 км;

Жалпы сметалык баасы – 9 млрд.202,4 млн.сом;

Заказчик – Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти;

Подрядчик –Цианидик жолдорду жана копуролорду куруучу компания  (Цианидская компания по строительству дорог и мостов) «Лонг Хай»;

Контракттын баасы – 6 млрд. 803,5 млн.сом;

Курулуш башталгандан бери каржыланганы – 3280,2млн.сом;

 

КР ТжЖМ басма сөз кызматы