mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда сууну жана карды тазалоо иштерин ЖТИнын кызматкерлери ыкчам жүргүзүштү

2023-жылдын 16-январында саат 17:30да Ысык-Көл облусундагы Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунда өткөн аптада калың жааган кардан кийин тоо боорунан эрүүчү суулар жолго куя баштаган. КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №4 ЖТИнын кызматкерлери унаа жолдогу сууну жана карды тазалоо иштерин ыкчам жүргүзүштү. Ушундай эле абал Түп-Кеген унаа жолунун 20-чакырымынан 41-чакырымына чейинки тилкеде да болгон. Каркыра аймагында болуп жаткан катуу карга байланыштуу күнү-түнү нөөмөт уюштурулду. Учурда жогорудагы тилкелердеги жолдор унаа кыймылы үчүн ачык.

2023-жылдын 16-январында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 293-чакырымында жолдун аталган участогуна инерттик материалдарды кошуу иштери жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, Солтон-Сары-Кичи-Кара-Кужур унаа жолунун 2 жана 3-чакырымдары кардан тазаланып, туз, кум себилди. Учурда инерттик материалдар менен толтуруу жана жолду кеңейтүү иштери уланууда.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 2023-жылдын 17-январына карата республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Чүй облусунда -13, Нарын облусунда -24, Ош облусунда -14, Жалал-Абадда -10, Таласта -7, Ысык-Көлдө. -7°C, Баткенде -4°C. Жолдор карга толуп, муз тоңгон.

Төө-Ашуу ашуусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Бишкек-Ош унаа жолунун тилкелери кардан тазаланып, инерттүү материалдар менен толукталууда. Өтмөк оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачык. Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашуу тилкелеринде кар күрткүсүн түшүрүү, ага туз, кум салуу иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 190-чакырымынан 215-чакырымына чейин, Жалал-Абад облусундагы Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 0-52-чакырымына чейинки Сары-Кыр ашуусу жана Атбашы-Кында ашуусу. Нарын районундагы Кында-Торугарт унаа жолу учурда жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу менен жабылды

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга эскертет, эгерде жолго чыгып кеткен болсоңуз, унаа жолдорунун ашуу тилкелеринен өтүүдө кар чынжырчаларын алып жүрүүнү, жолдун каршы тилкесине чыкпоону сунуштайт. Кар жааган учурда жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын жумушуна тоскоол болбооңуздарды өтүнөбүз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы