mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Жумгал районуна иш-сапары менен келди.

Иш-сапардын жүрүшүндө түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышып, жолдун курулуш иштери өз убагында бүтүшүнө Кыргыз Республикасынын жолдор жана транспорт министрлигине тапшырма берди.
Мен март айында Жумгал элине отчёт берип жолукканда жолду апрелде баштайбыз дешкен.
Апрелде долбоордук участоктун 159,2-чакырымында долбоордук тилкени тазалоо, өсүмдүк өскөн топурактуу катмарын жана жараксыз материалдардан арылтуу иштери башталган.
«Бүгүнкү күнү 159,2-чакырымдан 142 км чейин бактар кыркылды. Ошондой эле 150,9-чакырымдан 151,2 жана 157 км чейин бактар кыркылып бүткөн жерлерде жараксыз материалдарды тазалоо уланып,
157,3-чакырымда жол бетин казып алуу жана кеңейтүү иштери жүрүүдө» , — деп КР жолдор жана транспорт министри Жанат Бейшенов маалымат берди.
Канчалык деңгээлде иш жүрүп, оң натыйжа берерин убакыт көрсөтөт.
Буйруса эл менен биргеликте биз дагы бул жолдун бүтүшүн чыдамсыздык менен күтүп келебиз. Жол бүтсө Жумгал районунун социалдык-экономикалык абалы кыйла өнүгүп, элге жеңилдик берет эле.