mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Азия өнүктүрүү банкынын Инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тобунун 2019-жылдагы иштеринин натыйжасы жана 2020-жылга милдеттенмелери

Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруу долбоору
1. Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруу долбоору боюнча, фаза 1, 2019-жылы асфальтбетон төшөө аткарылган (төмөнкү жана үстүнкү ШМА катмары), узундугу 10 км жана тоннелдин өтмөгү 722 метр. Курулуш иштери 303,6 млн. АКШ долл. суммасында өздөштүрүлгөн (75,9%), (анын ичинде 2019-жылы 10,2 % аткарылган, же 40,7 млн. АКШ долларын түзгөн). 2019-жылдагы бюджетти аткаруу – 100%түзгѳн.
2020-жылы 4 км асфальтбетон төшөө жана 700 метр тоннелдин өтмөгүн казуу боюнча иштерди аткаруу пландаштырылып жатат.
2. Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруу долбоору боюнча, фаза 2, 2019-жылы асфальтбетон төшөө аткарылган (төмөнкү жана үстүнкү ШМА катмары), узундугу 33 км. Курулуш иштери 252,4 млн. АКШ долл. суммасында өздөштүрүлгөн (84,5%), (анын ичинде 2019-жылы15,6% жумуштар аткарылган, же 46,5 млн.АКШ долл.). 2019-жылга бюджетти аткаруу – түзгѳн.
2020-жылы 30 км асфальтбетон төшөө жана эстакадалык көпүрөлөрдө бардык курулуш иштерин аяктоо пландаштырылууда.
3. БАРЭК 1 жана 3 бириктирүүчү жолдордун долбоору боюнча, Эпкин-Бакууганды участогу, 2019-жылдын курулуш сезонунда долбоорлонгон тилкени тазалоо, бактарды кыюу, жер кыртышын даярдоо боюнча иштер жүргүзүлдү. 2019-жылга республикалык бюджетти аткаруу – 96,2% түзгѳн.
2020-жылы 15 км асфальтбетон төшөө пландаштырылууда.
4. БАРЭК 1 жана 3 коридорлорунун тбириктирүүчү жолдордун долбоору боюнча, Балыкчы шаарынан – Бишкек-Нарын-Торугарт чейин (0 км –43 км) жана Кочкор – Эпкин (62,4 – 89,5 км), узундугу 70,1 км. Подрядчы менен кол коюуга контрактты даярдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.
2020-жылы Подрядчыны мобилизациялоо, курулуш иштеринин башталышы пландаштырылып жатат.

Бишкек-Ош автожолунун БАРЭК 3 коридор долбоору
5. Бишкек-Ош автожолунун БАРЭК 3 коридорун өркүндөтүү долбоору боюнча, Фаза 4, Бишкек – Кара-Балта участогунунурулуш иштери 36 млн.АКШ долл суммасында өздөштүрүлгөн (51%). 2019-жылы подрядчы тарабынан асфальттын органоминералдык аралашмасын төшөө 23,5 км ге аткарылды. 2019-жылга республикалык бюджетти 88,8% түзгѳн (Кара-Балта – Сууусамыр, Төө-Ашуу тоннелине чейин участкасын тейлөөнү эсепке алуу менен).
2020-жылы — 17 км асфальтбетон төшөөжананегизгикурулуш иштерин аяктоо пландаштырылууда.
6. Бишкек-Ош автомобиль жолун калыбына келтирүү долбоору боюнча, фаза 4, Маданият-Жалал-Абад участогу. 2019-жылы жол тилкесин тазалоо, дренаждык жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлгөн. 2019-жылдын курулуш сезонунда каржылоонун жоктугу Долбоорду ишке ашыруу темпине терс таасирин тийгизди. Курулуш иштери 2,78 млн.АКШ долл. суммасында өздөштүрүлдү. Республикалык бюджетти аткаруу 2019- жылы – 74,1%түзгѳн.
2020-жылы, асфальтбетон төшөө чейинки жумуштар жана 10 км асфальтбетон төшөө пландаштырылууда.

Пландаштырылып жаткан долбоорлор
1. 2019 жылы, Балыкчи-Каракол-Балыкчи автожолун калыбына келтирүү долбоору боюнча (Балбай Баатыр а. –Каракол ш. участогу, 184,5 –220 км») 2020-жылы Кыргыз Республикасынын финансы жана Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги менен долбоордун Технико-экономикалык негиздемесин жактыруу иштерин жүргүзүлүп келди.
2020 жылы Долбоорду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кеңешинде колдоо табуу пландаштырылып жатат.
2. Бишкек шаарын түндүк жактан айланып өтмө жол долбоору боюнча. Азыркы учурда, Азия өнүгүү банкы өзү тандаган Консультанттардын командасы долбоорлоо документтерин даярдоо иштерди жүргүзүп жатат.
2020-жылы Технико-экономикалык негиздемесин жактыруу жана деталдык долбоорду иштеп чыгууну аяктоо, андан кийин алгачкы тендердик документтерин даярдоону баштоо пландаштырылууда.
3. Арал-Суусамыр автожолун калыбына келтирүү долбоору боюнча 2019-жылдын 6-августунда долбоор КР Өкмөтүнүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кеңешинин жактыруусунан өттү. Азыркы учурда Технико-экономикалык негиздемесин жактыруу боюнча иштер жүрүп жатат.
2020-жылы инвестицияларды тартып келүү жана каржылоо маселелери боюнча Евразия ѳнүктүрүү банкы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлѳт.
4. Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруунун пландаштырылп жаткан долбоору боюнча 2019-жылы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча донорлор менен активдүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 2019-жылдын 20-ноябрында Бишкек шаарында донордук конференция өттү, конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө долбоордун маанилүү экендигин белгилеп жана аны ишке ашыруу үчүн приоритеттүү долбоорлордун бири катары атады.
2020-жылы Инвестицияларды тартып келүү боюнча донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүлѳт.
Басма сөз кызматы