mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Автомобиль транспорту менен жүргүнчү жана эл аралык жүк ташууларга лицензия берүү убактылуу токтотулду

2019-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан автомобиль транспорту менен жүргүнчү жана эл аралык жүк ташууларга лицензия берүү токтотулду. Бул «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесин ишке ашыруу боюнча лицензияларды берүүгө мамлекеттик алымдын ставка өлчөмүн белгилөө жөнүндө тийиштүү чечимдин жоктугу менен байланыштуу.

Азыркы учурда лицензияларды берүүгө мамлекеттик алымдын ставка өлчөмүн белгилөө маселеси Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши аркылуу иштелүүдө. Жакынкы арада маселе чечилет жана автомобиль транспорту менен жүргүнчү жана эл аралык жүк ташууларга лицензия берүү башталат.

Белгилей кетсек, жүргүнчү жана эл аралык жүк ташууларды аткарган автотранспорт каражаттардын көбүнүн лицензияларынын жарактуу мөөнөттөрү бүтө элек жана алар өздөрүнүн ишмердигин жүргүзүүнү улантууда.

«Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү менен, автотранспорт гана эмес, башка дагы тармактарда лицензия берүү жагында көйгөйлөр бар.

 Маалымат катары: 2018-жылы республика боюнча 19348 лицензия берилген.

2019-жылдын январь айына карата 1332 лицензиянын жарактуу мөөнөтү бүткөн.

 

КР ТжЖМ басма сөз кызматы