mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Автомобиль транспорту боюнча кыргыз-түрк кызматташтыгы боюнча жолугушуу болуп ѳттү

Автомобиль транспорту боюнча кыргыз-түрк кызматташтыгы боюнча жолугушуу болуп ѳттү

2018-жылдын 1-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча башкы кеӊешинин төртүнчү жыйынынын жыйынтыктары боюнча биргелешкен билдирүүнүн негизинде, Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы автотранспорттук кызматташтыкты өнүктүрүү максатында, 2019-жылдын 25-26-март күндөрү Бишкек шаарында Автомобиль транспорту боюнча кыргыз-түрк эки тараптуу комиссиясынын жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин автомобиль жана темир жол транспорту башкармалыгынын жетекчиси А. Акматов жана министрлик астындагы Автотранспорт агенттигинин директору А. Бекмуратов жана Кыргыз Руспубликасынын соода-ѳнѳр жай палатасынын транспорт боюнча комитет алдындагы тѳрагасы Маткерим уулу Талантбек катышты. Ал эми Түрк тараптан Түркиянын транспорт жана инфраструктура министрлигинин ѳкүлдѳрү жана Туркия Республикасынын кыргызстандагы ыйгарым укук элчиси Женгиз Камил Фырат катышуусунда болду.
Күн тартибинде Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жана жүк ташуулардын абалы, жүк ташууга уруксат бланктарынын квотасы тууралуу жана ар кандай маселелер каралды.
Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы жүк ташуулар өсүп жатканы байкалууда. Алсак, 2017-жылы кыргыз автоташуучулары Түркияга 1379 рейс аткарып, 25548 тонна жүк ташыган болсо, 2018-жылы бул көрсөткүч 2122 рейске жана 38916 тоннага жогорулаган.
Тараптар келечекте сооданын көлөмүн мындан ары дагы өсөөрүнө болгон ишенимдерин билдиришти.
Андан тышкары, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз тараптын сунушу менен «бош кириш үчүн» түрүндөгү түркиялык уруксат бланкынын санын 400дөн 500гө көбөйтүүгө жетишилди.
Эки тараптуу жолугушуу достук жана кызматташтыкка негизделген атмосферада өтүп, Тараптар жыйында жетишилген жыйынтыктар боюнча ыраазычылыктарын айтышты.

Маалымат иретинде:
Кыргыз Республикасынын тышкы соода түзүмүндө — Түркия Республикасы ири соода-экономикалык өнөктөш катары өзгөчө орунду ээлейт.
1994-жылы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү болгону 20 млн АКШ долларын түзгөн болсо, 24 жылдын ичинде бул көрсөткүч дээрлик 20 эсеге, башкача айкатанда, 394 млн АКШ долларына чейин өскөн.

Пресс –кызмат