mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырууда коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмине” ылайык, Автотранспорт агенттиги жана анын шаардык жана облустардагы аймактык башкармалыктары тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуунун эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер аткарылууда

2020-жылдын 4-июнунда КР ТжЖМ, КР СМ жана КР ИИМдин биргелешкен буйругу менен бекитилген “Автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырууда коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритмине” ылайык, Автотранспорт агенттиги жана анын шаардык жана облустардагы аймактык башкармалыктары тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуунун эпидемиологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча иштер аткарылууда.

2020-жылдын 07-декабрынан 11-декабрга чейин Бишкек шаарында, Баткен, Чүй, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Ош жана Нарын облустарында регулярдуу автобустук каттамдардын белгиленген иш режиминин жана санитардык нормалардын сакталышы боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган транспортко биргелешкен текшерүүлөр жүргүзүлдү.

Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында автобекеттерде, автостанцияларда, транспорттук көзөмөл пункттарында жана шаардык автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында 2 098 автобус жана  кичи автобустар текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузуулар боюнча 32 протокол түзүлүп, 34 000 сомго айып пул салынды.

“Автобустук каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташууну жүзөгө ашырууда коронавирустун жайылып кетүүсүнүн алдын алуу боюнча иш-аракеттердин алгоритми” бекитилгенден бери (2020-жылдын 20-июнунан 11-декабрга чейин) жалпы 42 088 автобус жана кичи автобустар текшерилип, эреже бузуучуларга 619 протокол жана бузуулар жөнүндө 86 акт түзүлдү, 1 291 500 сом суммасына айып пул жазылды. Ошондой эле автотранспорттук уюмдардын жетекчилерине жана айдоочуларга карата башка дагы чаралар көрүлүүдө. Санитардык кызматтар тарабынан 140 протокол түзүлүп, 165 000 сомго айып пул салынды.