mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашуулардагы абал: Унаа кыймылына чектөө жок

Бүгүн, 15-мартка карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери өздөрүнө бөлүнгөн аймакты толук көзөмөлдөп жатышат.
Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман тилкесинде көчүп түшкөн топурак, таштарды тазалоо иштери жүрүүдө. Бардык тарапка каттам бар.

Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык ашуусунда, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Боом капчыгайында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Акбейит, Түзбел жана Кубакы ашуулары менен Өтмөктө күн ачык, жолдордо унаа кыймылына чектөө жок.

КРдин ТжКМнин басма сөз кызматы