mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ашуулардагы абал тууралуу маалымат

Өлкөнүн жолдору менен ашууларында күн бүркөк, айрым жерлерде кар аралаш жаан, кар жаап, бороон болуп жатат. Тынымсыз тазалоонун аракетинде жолдор ачык, каттам бар.
Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык ашуусунда жол ачык, унаа кыймылына чектөө жок. Ал эми аталган жолдун Тоң-Мурун ашуусунда түндө жааган кар толук тазаланды.
Учурда жолдо калган унаалар жок, каттам бар.
Өтмөктө кар жаап, бороон болууда. Жол тайгак, тазалоо иштери жүрүп, инерттик материалдар себилүүдө. Жол ачык.
Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Чапчыма ашуусунда унаа кыймылына чектөө жок, жол таза.
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда дагы каттам бар, жол ачык.
Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунда кардуу бороон басылбай, жол убактылуу жабык.
Кырдаалга жараша кошумча маалымат берилет.
КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы