mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Алай районунда аба ырайынын өзгөрүшүнө жана кар күрткүсүнө байланыштуу Алай районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин буйругу менен Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди.

Туруксуз аба ырайына байланыштуу 2022-жылдын 9-декабрынан баштап Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун 184-чакырымынан 251-чакырымына чейин аба ырайы турукташканга чейин автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилген.

Алай райондук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясына Ош-Сары-Таш-Эркечтам-184-251-чакырымындагы унаалардын кыймылын токтотуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алай району боюнча башкармалыгына жүргүнчүлөрдүн жана унаалардын айдоочуларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүү тапшырылды. С

ары-Могол, Талды-Суу, Сары-Таш айыл аймактарынын башчыларына аба ырайы турукташканга чейин жогоруда аталган жолдун тилкесинде жүрүүдөн баш тартуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Бул буйруктун тапшырмаларын аткаруу Алай районунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин биринчи орун басары Ш.Ж.Жапановго жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызтожол» мамлекеттик ишканасынын №960 Жол тейлөө ишканасынын начальниги Эмилов Б.А. жүктөлдү.

Буйрук 2022жылдын 9декабрь 01-16\187
Кыргыз Республикасы Ош облусу Алай райондук жергиликтуу мамлекеттик администрациясы.
Аба-ырайынын туруксуз, бороон болуп жаткандыгыгына баланыштуу у Ош-Сары-Таш-Эркечтам каттамына убактылуу чектөө киргизүү максатында буйрук кылам: 1 Аба-ырайынын туруксуз болуп жаткандыгына байланыштуу Ош-Сары-Таш-Эркечтам автожолунун 184-чакырымынан 251 чакырымына чейин аба-ырайы турукташканга чейин автоунаалардын каттамына убактылуу чектоо киргизилсин. 2.Алай-райондук ички иштерболумунун жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы Ош-Сары-Таш-Иркечтам автожолунун 184чакырымынан -251 чакырымына чейин багытына автоуналардын каттамын токтотуу боюнча иш алып барсын. 3.Алай райондук Өзгочо-кырдаалдар бөлңмү автоуналардын жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу жана алдын-алуу боюнча коопсуздук чараларын көрсүн. 4.Сары-Могол, Талды-Суу,Сары-Таш айыл өкмөтөрүнүн башчылары жарандарга аба-ырайы турукташканга чейин жолго, сапарга чыкпай туруусун эскертүү иштерин жүргүзүшсүн . 5.Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Ш.Дж.Жапановко жана №960 жол тейлоо мекемесинин жетекчиси Б.А.Эмиловго жүктөлсүн. Башчысы-аким К.С.Апбасов
КР ТжКМнин басма сөз кызматы