mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ак-Талаадагы Ак-Талчат көпүрөсүнүн курулушу 15-июнга чейин бүткөрүлөт, — министр

Ак-Талаа районунун Нарын дарыясындагы бир жылдан бери курулуш иштери бүтпөй жаткан Ак-Талчат көпүрөсүнө транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов келип, жергиликтүү тургундар менен жолугушкандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 16-майда өткөн жолугушууда Ак-Кыя, Тоголок Молдо, Жаңы-Талап жана Кызыл-Белес айылдарынын жашоочулары министрге курулушу бүтпөгөн көпүрөнүн айынан бир топ социалдык көйгөйлөр жаралгандыгын, Кызыл-Белес, Жаңы-Талап айылдарынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөлбөй калгандыгын билдиришти. Ошондой эле Соң-Көл жайлоосуна, Ак-Кыя айылына бара турчу жолдордун начардыгын айтышып, Нарын — Баетов — Макмал унаа жолуна жана Кызыл-Белес, Жаңы-Талап айылдарынын ички жолдоруна асфальт төшөө иштерин колго алууну өтүнүштү.
Аймактык кабарчынын айтымына караганда, министр келээр алдында, тактап айтканда 15-майда күндөп-түндөп көпүрөнүн ортоңку плиталары коюлуп, жөө адамдардын өтүүсүнө шарт түзүлгөн. Ал эми Нарын дарыясына келген министр көпүрөнүн курулушу 15-июнга чейин толук кандуу бүткөрүлүп, пайдаланууга бериле турганын убада кылды.

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жайгашкан Ак-Талчат — Соң-Көл унаа жолунун 2-чакырымындагы Нарын дарыясынын Ак-Талчат көпүрөсүнүн курулуш иштери суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам кайрадан үзгүлтүккө учураган болчу.

Маалым болгондой, Нарын дарыясынын деңгээли кескин түрдө көтөрүлүп, суунун нугун буруп турган дамбаны агызып кеткен. Буга чейин, Нарын суусунун нугу бир жак ныптасына бурулуп, дамба курулуп жана элдин каттоосуна айланма жол жасалып берилген. Ошондой эле, көпүрөнүн 8 тирөөчү орнотулуп, 2 пролётуна плитасы жаткырылган эле.

Ак-Талчат көпүрөсү 1967-жылдары курулуп, 50 жыл кызмат кылган. 6 пролеттон турат, узундугу 141 метр. 1981-жылы 2-тирөөчү оңдоодон өткөн. 2017-жылдын апрель айында байкоо жүргүзүлүп, натыйжада №3 тирөөч 2-3 см чөгө баштагандыктан Жол департаментине билдирүү берилип, 2017-жылдын 17-майында комиссия келип караган. Долборлоо институтуна долбоорун иштеп чыгуу боюнча техтапшырма берилген. Тирөөч буга чейин 42 см, андан бери 25 см, жалпы 67 см чөккөн.

Көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн мамлекеттик бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен акча каражаты каралган. 2017-жылдын 1-сентябрына чейин милдетин алып, куруучу подрядчы «Кербенжолкурулуш» ААКсы сынакты уткан.

Подрядчы «Кербенжолкурулуш» ААКсы тарабынан көпүрөнүн чөгүп кеткен плиталарынын ордуна орнотулуучу чоң автоунаалык куралма көпүрө коюу пландаган. Бирок кетирген кемчиликтери үчүн келишим бузулуп, иши сотко берилген. 2018-жылдын январь айынан баштап көпүрөнү калыбына келтирүү иштери боюнча КРдин Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол оңдоо жана курулуш башкармалыгы менен «Ремстроймост» ЖЧКсынын ортосунда келишим түзүлгөн.

Учурда көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин аталган ишкана жүргүзүүдө.
img_3481 img_3490 img_3495 img_3498 img_3511 img_3515 img_3518 img_3526 img_3527 img_3533 img_3549 img_3553 img_3558 img_3562 img_3575 img_3583