mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ак-Талаа районундагы кѳпүрѳ боюнча маалымат

Ак-Талаа районундагы кѳпүрѳ боюнча маалымат Ак-Талаа районундагы №15 ЖТМси тейлеген Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү Актал-Жогорку-Май автожолунун 2-чакырымындагы 6 пролеттон турган узундугу 141,2 метр, жолдун өткөөл бөлүгү 5 метр (проезжий часть), эки тарабында 1 метрден тротуары менен көпүрө 1967-жылы курулган. 2017-жылдын жаз айларында жаратылыштын таасири алдында 3 тирөөчтөрү 40-50 см чөгүп авариялык абалга келген. Аталган көпүрөнү калыбына келтирүү үчун 44 454,7 миң сом каралган. Көпүрөнү курууга жалдануучу «Кербенжолкурулуш» ААКсы 42 858,8 миң сомго утуп алып, көпүрөнүн өткөөл бөлүгүндөгү жана тротуарындагы эски асфальт катмары сыйрылып, плитанын үстүнө изоляция катмары жасалып 8 см калындыкта цементобетон төшөлүп, көпүрөнүн периласы жазалды. Ошондой эле аталган көпүрөнүн 5-6-7 пролетунун ортосунан Нарын дарыясынын нугун бурууга дамбалоо иштери жүргүзүлүп, жалпы 4764,0 миң сомдук жумуштар аткарылган. Бирок аталган жалдануучу “Кербенжолкурулуш” ачык акционердик коому келишимдеги тийиштүү милдеттерин аткарбагандыктан келишим бир тараптуу бузулду. Ошондой эле, министрликтин алдындагы ГДРСУ ишканасы менен 2018-жылдын 4-январында көпүрөнү куруу келишим кайрадан түзүлду. Ошону менен бирге, кайрадан проектик-сметалык документ иштелип чыгып жалпы жумуштун баасы 54 628,0 мин сомду тузду. 2018-жылга аталган копуронун курулушун улантуу максатында “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу обьектилердин тизмесине киргизилип 7000,0 мин сом акча каражаты ГДРСУга которулуп берилди. Бүгүнкү күндо Нарын дарыясынын нугун бурууга 250 даана бетон блоктору ташылып келип, аталган обьектиге дамбаны бекемдоо орнотулуп, 5000,0 миң куб шагыл кум аралашмасы (ГПС) төгүлүп дарыянын нугу бурулду. Учурда көпүрөөнүн 2 тирөөчү (8 свай), тирөөчтөрдүн үстүндөгү ригелдерди толук коюлуп бүтүп, 12 даана балканын 8 даанасы монтаждалып бүттү. Калган 4 даана балкасын монтаждоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө ГДРСУ ишканасына 6926,5 миң сом которулуп, аткарылган жумуштун көлөмү 25900, миң сомду түздү. Көпүрөнү куруп түткөрүү иштерин мөөнөтү 2018-жылдын 25-июнуна бекитилген. 2018-жылдын 13- май айындага жааган жаан кѳпүрѳнүн кире беришиндеги жолду суу жеп кеткен. Азыркы учурда калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.

Пресс-кызмат