mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Айдоочулардын эсине! Төө-Ашуудагы тоннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет

Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы тоннелдин электр чубалгылары алмаштырылып, дубалдарын актап, сырдоо иштери жүрөт. Мындан улам 19-майдан тарта аталган тоннель аркылуу унаардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилип турат. Ага ылайык, эртең мененки саат 05:00дон 08:00го чейин, 10:00дон 12:00го чейин, 14:00дон 16:00го чейин жол жабык болот.

Аталган аймакта жол коопсуздугун ЖКККББнын инспекторлору көзөмөлдөйт. Мындай чектөөлөр 19-майдан тарта болжолдуу 28-июнга чейин киргизилет.

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы