mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

8- августтан баштап Баткенде коомдук транспорт ишин жандантты

2020-жылдын 13- июль айынан тарта 8- августка чейин баткен облусунда транспорт токтотулган.  Ал эми 8- августтан  тарта  Баткен облусунда район, шаар аралык коомдук транспорттордун ишмердүүлүгүнө, учурдагы кырдаал талап кылган бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана талаптарды сактоо менен жандандырууга уруксаат берилди.

Автотранспорт агенттигинин жетекчилигине коомдук транспорттордо санитардык норманы сактоо боюнча айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, автотранспортторду байма бай дезинфекциялоо, алардын ишине такай рейддерди жүргүзүп туруу тапшырмалары коюлду.

Пресс кызмат