mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

70 миң тонна битумду ортомчусуз сатып алуу боюнча орусиялык завод менен түз келишим түзүлгөн

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги 70 миң тонна битумду ортомчусуз, ыңгайлуу баада заводдон түз сатып алат! Бул акыркы жылдардагы рекорддук көлөм!

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев социалдык баракчасы аркылуу 70 миң тонна битумду ортомчусуз, ыңгайлуу баада сатып алууга завод менен түз келишим түзүп жетиштик деп билдирди.

Министрдин билдирүүсүндө, «Президенттин колдоосу менен биздин министрлик эми битумду ортомчулары жок россиялык «Роснефть Битум» заводунан түз сатып алат! Бул келишим мамлекеттик бюджетти эффективдүү пайдалануу максатында түзүлдү.

Россия Федерациясына болгон иш сапарымдын алкагында жол курууда негизги мааниге ээ болгон битум материалын бир топ арзан баада сатып алуу үчүн натыйжалуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Роснефть Битум» ишканасы менен түздөн-түз келишим түзүлдү» — деп жазылган.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында ортомчуларсыз сатып алууну, жол куруу иштеринде сапаттуу материалдарды колдонуу жана коррупциялык тобокелчиктерди жоюу максатында белгиленген. Түзүлгөн келишимге ылайык, 2023-жылдын март айынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин БНД 60/90 маркасындагы битумду  Казакстандын «Турксиб» станциясына чейин баасы тоннасына 205 долларды түзөт.

Мындан тышкары, Казакстандык «Pozitiv Stream» компаниясынан      «Турксиб» станциясына чейин – 209 доллардан  БНД 60/90 маркасындагы  битум ошондой эле,  «Альфа Ойл» ЖЧКсынан да тоннасы 209 доллардан битум сатып алынган.

Учурда  «Pozitiv Stream»  жана «Альфа Ойл»  компаниясынан сатып алынган битумдар биздин сактоочу жайларга түшө баштады.
Март айынан бери битумдар түзүлгөн график менен келип жатат, болжолдуу бүгүнкү күнгө карата 3000 тоннанын тегерегинде битум келип түштү. Жалпысынан 2 жылдык мөөнөт менен 70000 тоннага келишим түзүлгөн. Азыркы учурда график менен жолдо келе жаткан битумдар бар.

Битумга болгон баалар түзүлгөн келишимдин убагына карата, ошондой эле биздин битум сактоочу жайларга жеткирүүнүн шарттары боюнча түзүлгөн.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы