mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Законунун негизинде ратификацияланып «Жол-эксплуатациялоо  техникаларын тейлѳѳ кеңселерин жакшыртуу»  долбоору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрилиги тарабынан ишке ашууда

 

2018- жылдын 13 –августунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин №958 жол тейлѳѳ башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри З.Аскаров жана Ж.Калиловдун катышуусунда аймактык жол тейлѳѳ ишканаларына тапшырылып берилди.   «Жол-эксплуатациялоо  техникаларын тейлѳѳ кеңселерин жакшыртуу»  долбоору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрилиги тарабынан ишке ашууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашуунун алкагында 2005-жылдын 6- августунда  № 130 Кыргыз Республикасынын Законунун негизинде ратификацияланып «Жол-эксплуатациялоо  техникаларын тейлѳѳ кеңселерин жакшыртуу»  долбоору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрилиги тарабынан ишке ашууда. Бул долбоор 2017-жылдын 31 март айындагы Япония Өкмөтүнүн Гранттык Макулдашуусунун негизинде берилип жатат. Бул долбоор №144, 2017 –жылдын 25июлунда Кыргыз Республикасынын Закон чегинде ратификациядан ѳткѳн.

Учурда долбоордун алкагында  жол техникаларын оңдоочу эмеректер менен контейнерлер -жолдо жүрүучү мобилдик автомастерскойлору менен камтылган 6 спецтехникалар Исузу маркасында келди.   Аталган авто техникалар Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин №958 жол тейлѳѳ башкармалыгында жолчулардга техника менен иштѳѳ ыкмаларын  адистер үйрѳтүштү.