mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

№32 ЖТИнын жолчулары Боом капчыгайында Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун жээгиндеги бутактарды кыркып жатышат

Кыргызгидромет билдиргендей, күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык зонасында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с

Чүй облусунда күндүз -1…-6; Таласта 0…+5; Баткен облусунда +2…+7; Ош, Жалал-Абад облустарында +2…+7; Ысык-Көлдө +2…+7, Нарында 0…-5.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын No32 ЖТИнын кызматкерлери Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 126-чакырымынан 131-чакырымына чейинки Боом капчыгайындагы жол жээгиндеги бутактарды кыркып жатышат.

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман тилкесинде №24 ЖТИнын кызматкерлери Арал-Миң-Куш унаа жолундагы таштарды түшүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аба ырайы мезгил-мезгили менен туруксуз, күн ачык жана булут каптап турат, бардык жолдор ачык. Эртең менен Долон ашуусундагы 287-293-чакырымында кар жааган. Бул жерде №41 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан карды тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлдү. Ушундай эле иштерди Чыйырчык ашуусун бойлой №959 жол кызматкерлери жүргүзүүдө.

Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма, Талдык, Чар, Акбейит, Түзбел, Торугарт, Кувакы, Кызарт жана Карагоо сыяктуу башка ашуу тилкелеринде да жолдор кардан тазаланып, тайгакка каршы инерттүү материалдар чачылган.

Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.
Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз