mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

28-ноябрда саат 23:30да Сосновка транспорттук көзөмөл пунктунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилип, чектөөлөр азырку убакытка чейин бар.

29-ноябрда Кыргызгидромет билдиргендей, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, №9 ЖТИнын жумушчулары трассаны кардан тазалап, тайгакка каршы материалдарды сээп жатышат. Ушундай эле жумуштар республиканын Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашууларында жолчулар тарабынан жүргүзүлүүдө.

28-ноябрда саат 23:30да Сосновка транспорттук көзөмөл пунктунда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилип, чектөөлөр азырку убакытка чейин бар.

Алдыдагы аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу, ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкысына алмаштырып, жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн каршы тилкеге ​​чыкпоого жана жолдон өтүүдө кыйынчылыктарга туш болбоо үчүн кар чынжырларын тагынууну сунуштайбыз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы