mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

21 январь 2020 жылы «Кабар» маалымат агентигинде КР Транспорт жана жол министрлигинде жана ага карашыктуу мекеме-ишканаларда жана струкутралык болүмдөрдө санариптештирүү иштерине арналды.

21 январь 2020 жылы «Кабар» маалымат агентигинде КР Транспорт жана жол министрлигинде жана ага карашыктуу мекеме-ишканалар жана струкутралык болүмдөрдө санариптештирүү иштерине арналды.
2019-жылды — Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо Концепциясынын “Жол картасын” аткаруунун алкагында, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги тарабынан 6 иш-чара аткарылып жатат.

1.Министрликтин Борбордук аппаратында жана ведомстволук уюмдарында «е-Kyzmat» автоматташкан маалыматтык система киргизилген, анын натыйжасында кадрлардын эсебин алуу толук электрондук форматка өткөрүлгөн.
Бул система бардык кабыл алынган кызматкерлердин жеке карточкаларын электрондук форматта каттоого, кызматкерлердин стажынын эсебин жүргүзүүгө, отчетторду түзүүгө, берилген параметрлер боюнча издөөнү ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле кадрлар курамы жөнүндө маалыматты жыйноону, иштеп чыгууну жана талдоону жакшыртууга, кадрлар боюнча оперативдүү жана так маалыматты пайдалануунун негизинде башкаруу чечимдеринин эффективдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк түзөт.

2. Министрликте, ошондой эле, иш кагаздарын жүргүзүүнү электрондук форматка өткөрүү боюнча жумуштар жүрүп жатат. Электрондук документ жүгүртүүнүн автоматтык системасын пайдалануу, каттарды жөнөтүү жана жеткирүү мөөнөттөрүн төмөндөтүүгө мүмкүндүк түзөт, мөөргө, кагазга чыгымдарды кыскартат, ошондой эле аткаруу тартибин жакшыртууга жана документтерди иштеп чыгууну стандартташтырууга өбөлгө түзөт.
Министрликте жана бардык ведомстволук уюмдарда бул максаттарга жетүү үчүн «Инфоком» Мамлекеттик ишканасынын «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы тесттик режимде киргизилген.
Азыркы учурда электрондук кол коюуну пайдалануу менен документ жүгүртүүнүн электрондук форматына толук өтүү боюнча жумуштар жүрүп жатат.

3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө жарандардан келген кагаз жүзүндөгү маалыматтарды жоюу максатында, ушул жылдын башында Министрлик тарабынан Кыргыз Республикасынын маалыматтык технология Мамлекеттик комитетинин алдындагы “Электрондук өз ара аракеттешүү” Мамлекеттик ишканасы менен«Түндүк» СМЭВ ведомстволук электрондук өз ара аракеттешүү системасы аркылуу электрондук мамилелешүү жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Башка мамлекеттик органдар менен электрондук форматта алака түзүү максатында Министрликтин маалыматтык системасын «Түндүк» СМЭВге кошуу боюнча жумуштар жүргүзүлгөн, тактап айтканда:
— жеке жана юридикалык жактарга лицензия берүүдө Автомобиль, суу транспорту жана салмак-көлөмдү контролдоо агенттигинин Мамлекеттик салык кызматынан, Юстиция министрлигинен кагаз жүзүндөгү маалыматтарды жана башка документтерди алуу жана Соцфонддон карыздар жөнүндө суроо-талаптары жоюлган жана маалыматтарды электрондук түрдө өз ара алмашуу жолго коюлган.
— Автомобиль, суу транспорту жана салмак-көлөмдү контролдоо агенттиги (АСТжСККА) жана Мамлекеттик бажы кызматынын ортосунда салмак-көлөм параметрлери боюнча маалыматтарды «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара алмашуу Системасы (СМЭВ) аркылуу электрондук форматта алмашуу ишке ашырылды. Ошондой эле, планда документтерди “Электрондук транспорттук контроль” автоматташкан маалыматтык система аркылуу электрондук берүүнү ишке ашыруу караштырылып жатат.
— « Кыргыз Темир Жолу» УК” МИ КР Өкмөтүнө караштуу МСКнын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен соода жүгүртүүсүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн товарларды эсепке алуу боюнча маалыматты онлайн режиминде берүүнү ишке ашырат. Ошондой эле, компания «Түндүк» СМЭВ аркылуу МСКнан ИННдин маалыматтары боюнча маалыматтарды алышат.

4. — «Электрондук транспорттук контроль» АМСны Евразия экономикалык биримдигинин сырткы соода жүгүртүү маалыматтык системасына интеграциялоо максатында 2019-жылдын 2-июлундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен 5 300 000 сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилген. Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча тендерди өткөрүү иштери жүрүп жатат.

5.Министрликке караштуу “Өндүрүш-инновациялык борбор” Мамлекеттик мекемеси 2018-жылдын май айынан Титул-2005 заманбап жабдуу жана программа менен жабдылган,Россияда жасалган«ТРАССА» — атайын жылып жүрмө лаборатория – заманбап технологияны пайдалануу менен эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду паспорттоштуруу жүргүзүлүп жатат. Бул жылып жүрмө лаборатория жолдордун көрсөткүчтөрүн — GPS координаттарын, IRI тегиздиктин эл аралык индексин, жармашуусун, түздүгүн изилдөөгө жана курулган жолдун сапатын талдоону жүргүзүүгө мүмкүндүк түзөт.
“Өндүрүш-инновациялык борбор” Мамлекеттик мекемесинин иштеп чыккан паспорттору — келечекте жол инженерлери автомобиль жолдорун куруу, реконструкциялоо жана оңдоп-түзөө боюнча иштерди рационалдуу пландаштыруусуна жана автомобиль жолдорунун абалы жөнүндө электрондук жана кагаз форматында оперативдүү маалымат алууга өбөлгө түзөт. Азыркы күндө жылып жүрмө жол лабораториясы тарабынан Чүй жана Ош областтарынын жалпы пайдалануудагы 2258,900 кмавтожолдорунун техникалык абалы изилденди.

6. Коммерциялык жүк ташуучу транспорттон жана автобустардан жыйымдарды алуунун автоматташкан системасын иштеп чыгуу жана киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аркылуу “Жыйымдарды алуунун Маалыматтык Системасын киргизүү” долбоору демилгеленген. Азыркы учурда долбоордун технико-экономикалык негизи иштелип чыкты. Андан кийин жеке шериктешти тандоо боюнча конкурс өткөрүү пландаштырылууда.
Санариптештирүү боюнча “Жол картасынын” алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлордон тышкары, Министрлик тарабынан ведомстволук уюмдардын ишмердигин автоматташтыруу боюнча бир катар долбоорлор ишке ашырылды.
(Электрондук шлагбаум)Азыркы учурда Бишкек-Ош автожолунун Бишкек-Ош АЖМДнин тоннелдик кызматынын «Сосновка» жана «Кара-Көл» төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарында “Акы төлөнүүчү терминалдарды, видеокамераларды жана автоматташкан шлагбаумдарды пайдалануу менен өтүү үчүн төлөмдөрдү алууну уюштуруу системасы” тажрыйба-өндүрүштүк пайдаланууга берилди.
Бул системанын иштөөсү менен иш жүзүндө адам факторунун катышуусу жоюлат, «Сосновка» жана «Кара-Көл» төлөмдөрдү кабыл алуу пункттарында өтүү үчүн төлөмдүоператор-кассирдин ордуна төлөм терминалы кабыл алат. Посттордо төлөм картасы менен накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн “РСК-Банк”ААК берген 12 пост-терминал орнотулган. Ошондой эле, Бишкек-Ош автожолунун Мамлекеттик дирекциясынын борбордук аппаратында туруп, системанын ишин онлайн-мониторинг кылууга жана ар бир пункт боюнча мезгилдик, категориялык ажырымы жана автотранспорттун мамлекеттик номерлери боюнча отчетторду тариздөөгө мүмкүндүк бар.
(«ЭТК» АМС) Ошондой эле, ЕАЭБге кошулуу боюнча иш-чаралардын алкагында Министрликке караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-көлөмдү контролдоо агенттигинде «Электрондук транспорттук контроль» АМС киргизилген. Бул программалык продукт — транспорттук контролдун негизги процесстерин автоматташтырууну, автомобиль жана суу транспортунда жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга уруксат документтерин берүүнү, транспорттук мыйзамды бузууга электрондук эсеп жүргүзүүнү, ошондой эле, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин транспорттук контроль органдары менен транспорттук контролдун натыйжалары боюнча маалыматты электрондук алмашууну ишке ашырууну камсыздаган борбордошкон маалыматтык система болуп эсептелет.
Натыйжада Агенттиктин төмөнкү негизги процесстери автоматташкан: лицензия берүү, жөнгө салуу, эл аралык жүк ташууларды ишке ашырууга уруксат берүү, бирдиктүү реестрди жүргүзүү, салмак-көлөмдү контролдоого мониторинг кылуу, салынган айып пулдардын маалыматтарынын электрондук базасын киргизүү, статистиканы алуу, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин транспорттук контроль органдары менен транспорттук контроль боюнча маалыматтарды алмашууну ишке ашыруу.
СКДС(ДСВК) Дүйнөлүк Банк колдогон “Борбордук Азияда жол каттамдарын жакшыртуу боюнча программа” долбоорунун биринчи фазасынын алкагында 2017-жылдан баштап «Сосновка», «Кемин», «Жаны-Арык», «Каратай», «Көк-Талаа» транспорттук контроль пункттарында (ТКП) салмак-көлөмдү контролдоонун динамикалык системасы үчүн жабдуу сатып алынган жана орнотулган. Үстүбүздөгү жылдын август айынан бери «Чалдыбар» жана «Ак-Тилек» ТКП тесттик режимде иштейт, ошондой эле, азыркы учурда «Чоң-Капка» ТКП СКДС (ДСВК) орнотуу боюнча иштер жүрүп жатат.
Салмак-көлөмдү контролдоонун динамикалык системасына ылайык дөңгөлөктүү транспорттун кыймылында жол полотносуна орнотулган атайын датчиктердин жардамы менен автоматтык түрдө автомобилдин түрү, жүк огунун саны, транспорттук каражаттын номердик белгиси, анын жалпы салмагы жана жүк огуна карата салмагы анализденет. Берилген маалыматтарды жыйнагандан кийин система инспекторго графикалык түрдө транспорттук каражат жөнүндө маалыматтарды берет, алардын негизинде инспектор тиешелүү процессуалдык иш-аракеттерди жүргүзөт.
Салмагы, ылдамдыгы, көлөмү параметрлердин орнотулган чегинен ашкан учурда жана жүк ташыган машиненин бетме-бет тилкеде келе жатканы билинген учурда, маалыматтар ТКП операторунун (инспектордун) жумушчу станциясынын мониторунда чагылдырылат.
СКДСнын жогоруда аталган техникалык мүнөздөмөлөрү -Кыргыз Республикасынын аймагында орнотулган салмак-көлөм параметрлерин жогорулатууну аныктоого мүмкүндүк берет, аталган параметрлери бар транспорттук каражатты кыймыл учурунда жалпы агымдан өз убагында алып салууга жана стационардык ТКПда Кыргыз Республикасынын мыйзамы орноткон процессуалдык чараларды кабыл алууга мүмкүндүк түзөт.
(АИС «ЕРН») 2019-жылдын 1-январынанбаштап Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан “Бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташкан маалыматтык система ишке киргизилген, ал каттоого түшкөн укук бузуулар жана аларды жасаган адамдар жөнүндө маалыматтарды жыйноого, иштеп чыгууга жана сактоого, ошондой эле, алар боюнча кабыл алынган чараларды аткарууга багытталган. 2019-жылдын башынан бери бул система Министрликте жана анын структуралык бөлүнүштөрүндө иштей баштаган жана штаттык режимде туруктуу иштеп жатат. Бул система аркылуу 2019-жылдын 9 айында бузуулар жөнүндө 2748 протокол, жалпы суммасы 6 924 500 сомго катталган.
(СУДА) (ЖАБС)Министрлик “Маалыматтарды чогултуу жана жол активдерин башкаруу системасын орнотуу” долбоору боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Долбоордун максаты – жолдорду оңдоп-түзөөнү эффективдүү пландаштыруу жана финансы каражаттарын бөлүштүрүү. Долбоор үч жылга эсептелген. Долбоор боюнча азыркы учурга чейин эл аралык жана мамлекеттик маанидеги 5800 км жол изилденген.
Бул долбоорду ишке ашыруунун натыйжасы боюнча ЖЧДнин алдында борбордук сервери бар программалык камсыздоо жана жолдун техникалык абалына жараша финансы каражаттарын пландаштыруу жана бөлүштүрүү үчүн жолдордун электрондук картасы орнотулат.
Ошондой эле, Министрлик жакынкы арада транспорттук каражаттарды акы төлөп токтотуу процессин администрациялоо жана «КыргызАвтобекети» Мамлекеттик ишканасында эл аралык жана шаар аралык автобустук рейстерге электрондук билеттерди сатуу боюнча Автоматташкан Маалыматтык Системаны киргизүүнү пландаштырып жатат.
Жогоруда аталган иштердин баары, Кыргыз Республикасынын Президенти жарыялаган “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын” алкагында жүргүзүлүүдө.
Компаниянын расмий сайтындагы Интерактивдүү портал аркылуу жүк ташуу иштери жүзөгө ашырылат.

Ошондой эле “Кабар” маалымат агентствосунда өткөн пресс-конференцияда Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын маалыматтык тактоону камсыз кылуу боюнча филиалынын башчысы Сабира Төлбашиева томонку маалыматы берди.Анын айтымында, “Санарип Кыргызстан 2019-2023” Санариптик трансформация Концепциясынын алкагында “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы төмөндөгү иш-чараларды аткарды:
-КРнын транспорт жана жол министрлигитарабынан бекитилген ведомствону санариптештирүү иш-чаралары;
-Компаниянын технологиялык процестерин санариптештирүү, техникалыки нфраструктурасын жана программалык иш-чараларын модернизациялоо;

Концепциянын алкагындагы иш-чаралар:
1“Инфоком” мамлекеттик ишканасынын “Е-кызмат” “Адам ресурстары” маалымат системасын жүзөгө ашыруу.
Аталган маалымат системасы “Кыргыз темир жолу” ишканасында 100%гаорнотулган. “Электрондук документ” жүгүртүү автоматташтырылган системасы үчүн аппараттын кадрлар бөлүмү жана башка бөлүмдөрүндө кадрдык курам боюнча маалымат базасы түзүлдү.
2.“Инфоком” мамлекеттик ишканасынын электрондук документ жүгүртүү системасын ишке киргизүү:
Электрондук документ жүгүртүү автоматташтырылган системасы программанын катышуучуларынын жумуш орундарында орнотулду.
Системаны калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, кызматкерлерди окутуу боюнча “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен макулдашуулар түзүлдү. Ошондой эле ишкана жектечиси жана анын орун басарларынын электрондук-санариптик колдору алынды. Жалпысынан система өндүрүштүк ыкмада пайдаланууга берилди.

Компаниянын технологиялык прцестерин санариптештирүү боюнча эң чоң жумуш төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлдү:
Компаниянын расмий сайты аркылуу темир жолдогу кызматтарды жүзөгө ашыруу, ошондой эле Интерактивдүү порталды иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу иштери.

Булбагытта www.kjd.kj расмий сайтыбызда учурда атайын Интерактивдик портал иштеп жатат. Ал “Маалыматтык кызмат” бөлүгүндө жайгашкан. Ал жерде биздин кардарлар өздөрүнүн “Жеке кабинети” аркылуу каттоодон өтүп, биздин кызматтардан пайдаланса болот. Ошондойэле “Кыргызстан” коммерциялык банкынын “Мобилдик банкинг” акы төлөө системасыа ркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүберилген. Демек, кардарлар ишканага келип убара болбой эле, аталган кызматтар аркылуу вагон сатып алып, акысын төлөп,каалаган жерден, каалаган убакта жүктөрдү жөнөтө беришсе болот.

Ошентип,азырКыргызстандан үчүнчү мамлекеттер анын ичинде Балтика жана Грузия мамлекеттерине чейин интернет-ресурсуа ркылуу арыз берип, экспорттук жүктөрдү жөнөтүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар.
Мындан тышкары биздин сайттагы Интерактивдүү портал аркылуу төрт сандан турган жекече темир жол кодун алса болот. Ошондой эле кардарлар жөнөткөн вагондорун, контейнерлерин кайсыл жерде бара жаткандыгын көрүп, жана анын абалын көзөмөлгө алып, ыкчам маалымат алып туруугатолук мүмкүнчүлүк бар.
Жыйынтыктап айтканда, учурда “Кыргыз темир жолу” Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында санариптештирүүнүн алкагында кардарлар үчүн бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн.
КР ТжЖМ басма сөз кызматы