mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 22-март күнү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Азия өнүктүрүү банкынын миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек-Кара-Балта, Эпкин-Баш-Кууганды жана Балыкчы-Кочкор-Эпкин участокторун реконструкциялоо долбоорлорун талкуулашты. Өзгөчө көңүл Барскоон-Каракол унаа жолун реконструкциялоо долбоорун даярдоого бурулду.

Министр маалымдагандай, бүгүнкү күндө «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасы Азия өнүктүрүү банкынын техникалык жардамынын алкагында алынган консультанттар менен биргеликте Барскоон-Каракол автожолунун дизайнын иштеп чыгууну улантууда.

Тараптар ошондой эле КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин потенциалын чыңдоо маселесин да талкуулашты.

Бүгүнкү күндө АӨБ ФИДИКтин эл аралык келишимдер, жол чарбасын башкаруунун алдыңкы ыкмалары, сатып алуулар боюнча тренингдерди өткөрүүгө колдоо көрсөттү. Ошондой эле КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга колдоо көрсөтүүнү улантууда.

Жолугушуунун соңунда министр кызматташтыкты бекемдөөгө жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ишенимин билдирди.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы