mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 21-февралында өлкөнүн ашууларында карды тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштери уланууда.

Кыргызгидромет билдиргендей, 21-февралда өлкөдө жаан-чачын болбойт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

Кечээтен бери Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолу кардан тазаланып, 5 күндүн ичинде жолчулар жолду, анын ичинде Сөөк-Каракол унаа жолун Каракол-Эңилчек унаа жолунун Ак-Шыйрак айылына чейин ачууну көздөшүүдө. Бул жерде алар жолду майда кар көчкүлөрдөн тазалашат. Ошондой эле, тайгакка каршы инерттүү материал бардык жолдордо чачылып жатат. Бул аймакта аба ырайы ачык.

Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун 0-26-чакырымында  №955 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан тайгактан коргоочу материалдарды чачуу иштери жүрүп, каттам унаалар үчүн ачык. Механизаторлор жана жол кызматкерлер дежурстводо турушат.  Ошондой эле, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 346-чакырымынан 356-чакырымына чейинки бөлүгү автогрейдерди жардамы менен  тазаланып бүттү. Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун Сары-Таш-Кызыл-Арт тилкесиндеги унаа кыймылы үчүн жабылды. Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу 0дөн 107-чакырымына чейин бир тилке ачык.

2023-жылдын 21-февралында Өтмөк, Төө-Ашуу, Чапчыма, Чыйырчык, Долон, Чар, Акбейит, Торугарт, Кызарт, Карагоо жана Чоң-Ашуу сыяктуу башка ашууларда Транспорт  жана коммуникациялар министрлигинин жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан карды тазалоо, суу өткөргүчтөрдө муздарды жарып чыгуу жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, узак жолдорго чыгаар алдында көйгөйлөр жаралбашы үчүн унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы