mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2023-жылдын 10-февралында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри ТРАСЕКАнын Өкмөттөр аралык комиссиясынын 16-жылдык жыйынына катышты

Бүгүн, 2023-жылдын 10-февралында, Тбилиси шаарында (Грузия) ТРАСЕКА Өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК TRACEKA — Европа-Кавказ-Азия транспорт коридорун өнүктүрүү программасы) 16-жылдык салттуу жыйыны Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин атынан барган кыргыз делегациясынын катышуусунда өтүүдө.
Иш чаранын программасы Европадан Борбор Азия өлкөлөрүнө Кара деңиз, Кавказ жана Каспий деңиздери аркылуу өтүүчү транспорт коридорлорун мындан ары дагы өнүктүрүүгө багытталган. Жыйынды быйыл төрагалык кылган Грузиянын Экономика жана туруктуу өнүктүрүү Министрлиги жана ТРАСЕКА ӨАК Туруктуу катчылыгы уюштурууда.
Жыйынга ТРАСЕКА ӨАК тараптарынын делегациялары, ТРАСЕКА ӨАК Туруктуу Катчылыгынын өкүлдөрү, Еврокомиссиянын өкүлдөрү, ТРАСЕКАда байкоочу статусуна ээ болгон өлкөлөрдүн өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана өнөктөштөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле бул жолугушууга чакырылган кадырлуу коноктор катышууда.

Жолугушууда ТРАСЕКА транспорт коридорунун учурдагы абалы жана аны өнүктүрүү боюнча мындан аркы иштерин талкуулоо пландалууда. Отурумдун жыйынтыгында Европа-Кавказ-Азия транспорт коридорун андан ары өнүктүрүүгө багытталган ТРАСЕКА ӨАК ишин уланта турган ӨАКнын 16-жыйынынын Корутунду резолюцияларын кабыл алуу пландаштырылууда.

КР ТжКМнин басмв сөз кызматы