mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев КМТУнун ректору М.Чыныбаев жана КМКТАУнун ректору А.Абдыкалыков менен жолугушуу өткөрдү.

2022-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев КМТУнун ректору М.Чыныбаев жана КМКТАУнун ректору А.Абдыкалыков менен жолугушу өткөрдү. Жыйынга ошондой эле Транспорт жана коммуникациялар министринин санариптештирүү боюнча орун басары М.Курманбеков, Өндүрүштүк-инновация борборунун (ӨИБ) директору Э.Таштаналиев, ӨИБдун директордун орун басары Р.Бориев жана «Кыргыздортранспроект» МИнын ​​директорунун орун басары У.Султанов катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Транспорт жана коммуникациялар министри Т.Текебаев белгилегендей, акыркы убакта автотранспорт тармагында кадрларды даярдоо маселелеринде, тактап айтканда, окуу теориясы менен өндүрүш практикасынын ортосундагы ажырым орун алууда. Ошондуктан жаш кадрларды мыкты даярдоо максатында атайын жогорку окуу жайларынын студенттеринин алган теориялык билимдерин Транспорт жана коммуникация министрлигинин өндүрүштүк лабораторияларында биргелешип ыңгайлаштыруу боюнча пикир айтылды. Жогорку окуу жайларынын  деңгээлиндн ТжКМде иштеп жаткан кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле аларды илимий жана практикалык иштерге тартуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу зарыл.

Жыйынга катышкан КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Өндүрүштүк-инновациялык борбордун, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыздортранспроект” МИ жетекчилери    жасалма курулуштарды куруу, анын ичинде көпүрөөлөдү куруу боюнча адистер, геодезисттер, топографтар жана башка  адистер боюнча кадрлар жетишпегендигин белгилешти.

Жыйында жогоруда аталган ЖОЖдордун ректорлору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар  министри Т.Текебаевдин жана ведомствого караштуу мекеме-уюмдардын жетекчилеринин айткан пикирлерин колдошуп, келечекте окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен, кадрларды даярдоо жаатында тыгыз кызматташууну сунуштады. Тилекке каршы, алар адистештирилген жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн дээрлик бардыгына азыр суроо-талап көп болуп жатканын, башкача айтканда, алар тиешелүү практикадан өтүш үчүн же окуу жайды аяктагандан кийин иштөө үчүн аларды алып кетип атканын ,Жолдорду курууда жол куруучу компаниялар тиешелүү төлөм шарттарын түзүп берүүдо  мисалы, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда. Бул адистикти бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн саны аз болгондугуна байланыштуу , автотранспорт тармагынын башка уюмдар үчүн кадрлар жетишсиз. Ошонун негизинде студенттерди, айрыкча жасалма курулуштар, анын ичинде көпүрөлөр боюнча адистерди көбүрөөк алуу сунушталды.

Жыйындын жыйынтыгында кадрларды даярдоо боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча биргелешкен жумушчу топторду түзүү, ЖОЖдордун профессордук-окутуучулар курамын жана КР ТКжМ практиктерин тартуу менен тегерек столдорду өткөрүү чечими кабыл алынды.

Бир сөз менен айтканда, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, КМТУ жана КМКТАУ  биргелешкен аракеттери менен иштеп жаткан өндүрүштүк кубаттуулуктарды пайдалануу менен теорияны жана практиканы адаптациялоо менен окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча чаралар көрүлөт.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы