mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2022-жылдын 13-декабрына карата ашууларга инерттик материалдар себилип, жолдор тазаланып жатат, унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр жок.

Кыргызгидромет билдиргендей, 2022-жылдын 13-декабрында өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Төө-Ашуу, Өтмөк, Чапчыма, Чыйырчык, Талдык, Көк-Бел, Долон, Чар, Акбейит, Тузбел, Торугарт, Кубакы, Кызарт, Карагоо, Чоң-Ашуу жана Сөөк ашууларында ЖТИнын (жол тейлөө ишканасы)кызматкелери музга каршы материалдарды (туз жана кум) чачууда. Бул райондордо жаан-чачын болбойт, аба ырайы ачык.

Алай районундагы Кабылан-Көл жана Ош облусунун Өзгөн районундагы Суук-Дөбө ашууларында жолдорду кеңейтүү иштери жүрүп жатат. Эскерте кетсек, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Кара-Бура ашуусу (190-215-чакырымдары), Сары-Кыр ашуусу Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 0-52-чакырымдарына чейин Жалал- Учурда жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйругу менен Абад облусу жана Нарын районундагы Ат-Башы-Кында-Торугарт жолундагы Кында ашуусу жабылды.

Аба ырайынын ыңгайсыз шарттарына байланыштуу ашуу тилкелерине чыга турган айдоочуларга жасалма тыгындарды жаратпоо үчүн жайкы дөңгөлөктөрүн кышкысына алмаштырууну, ынтымакта болууну жана жасалма тыгындарды болтурбоо максатында ашууларда каршы тилкеге ​​чыкпоону сунуштайбыз.

Ошондой эле КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, өтмөктөрдөн өтүүдө көйгөйлөр жаралбашы үчүн жолго чыгаар алдында унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы