mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2021-жылдын 23-декабрында «Алтайвагон» ААКсынан «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына жүк ташуучу үстү ачык вагондордун биринчи партиясы келгенине карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

2021-жылдын 23-декабрында «Алтайвагон» ААКсынан «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына жүк ташуучу үстү ачык вагондордун биринчи партиясы келгенине карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

2021-жылдын 23-декабрында «Алтайвагон» ААКсынан «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына жүк ташуучу үстү ачык вагондордун биринчи партиясы келгендигине байланыштуу «Кыргыз темир жолу» МИнын төрагасынын орун басарынын катышуусунда салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети А.К Аалиев жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Э.А. Осоев катышты.

 

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 8-октябрындагы № 229-б буйругуна ылайык, «Кыргыз темир жолу» УК мамлекеттик ишканасына белгиленген тартипте өндүрүүчүлөрдүн өз каражаттарынын эсебинен түз келишим түзүү жолу менен 100 (жүз) даана өлчөмүндө жарым унааларды сатып алууга, мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Учурда «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасына «Алтайвагон» ААКсынан 10 жарым вагондор келип түштү, калган вагондордун келиши 2022-жылдын биринчи кварталында күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, бул иш-чарада «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» Мамлекеттик ишканасынын 2021-2025-жылдардагы ишмердүүлүгүжана ошондой эле, Министрлер Кабинетинин өкүлдөрүнүн «Улуттук» Мамлекеттик ишканасынын жамааты менен жолугушуусу болуп өттү.

КР ТжКМ басма сөз кызматы