mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2020- жылдын 10- августунда Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтундѳгу брифинге Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич катышты.

Бүгүн саат 12:10 до Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтундѳгу брифинге Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич жана Жарандык авиация агенттигинин директору Акышев Курманбек ТОктогуловия катышты.

Брифингдеги доклад томѳндѳ кѳртѳтүлгѳн.

Урматтуу теле кѳрүүчүлѳр! Урматтуу бүгүнкү брифингтин катышуучулары!

Пандемия учурунда  министрлик тарабынан чет жактардан келген жарандарды аймактарга жеткирүү  үчүн атайын транспорт уюштурулган. Бул убакыт аралыгында 2530 жаранды аймактарга жеткирүү  үчүн  219 жеке транспорт  тартылган.

Мындан тышкары, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» Мамлекеттик ишканасы» темир жол ооруканасы үчүн жеке каражатына  1 мин жеке коргоочу медициналык  комплектерди сатып берди.

Ошондой эле, Бишкек шаарында эпидемия учурунда аны менен күрөшүүдө иштеп жаткан кызматкерлерге  компенсациялык кошумча төлөмдөрдү жүргүзүүнү уюштуруу үчүн  темир жол ооруканасына ай сайын   160 мин  сом өлчөмүндө демөөрчүлүк колдоо көрсөтүүдө. Мындай жардам эпидемиялык абал турукташканга чейин көрсөтүлөт.

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» Мамлекеттик ишканасынын» эсебинен жумасына эки ирет шаардын аймагында дезинфекциялык иштерди жүргүзүү үчүн цистерна-унаасы дезинфекциялык каражаты  (хлорид) менен бөлүнүп берилүүдө.

Өзүңүздөргө маалым болгондой регулярдуу эл аралык аба каттамдар 2020-жылдын 20-мартынан тартып токтоп турат. Чартердик, гуманитардык жана жүк ташуу боюнча учуулар аткарылууда. Бүгүнкү күндө чартердик аба каттамдардын графигине ылайык, Москва-Бишкек, Москва-Ош, Новосибирск-Бишкек, Новосибирск-Ош, Стамбул-Бишкек, Дубай-Бишкек жана башка аба каттамдар боюнча чартердик рейстер аткарылып жатат. Аткарылып жаткан чартердик рейстери аркылуу  чет өлкөлөрдөгү биздин жарандардын Кыргызстанга кайтып келүүсүнө  шарттар түзүлүп жатат.

Маалымат иретинде айтып кетсем  август айына  карата жалпысынан  300 чартердик аба каттам аткарылган, 25 миңден ашуун жарандар чартердик каттамдар менен Кыргызстанга кайтып келген.

Республикалык штабдын тапшырмасына ылайык, ички аба каттамдыр 5-июндан жанданып, 8-июнда Бишкек-Ош аба каттамы боюнча биринчи рейс аткарылды. Азыркы күндө “Тез Джет” авиакомпаниясы тарабынан рейс аткарылып жатат.

Өлкөбүздүн аэропортторунда авиарейстерди кызмат көрсөтүү үчүн тиешелүү чаралар көрүлгөн. Аэропорттордо терминалдарга кирүү коргоо беткаптары жана авибилети менен гана уча турган жүргүнчүлөр кире аларын эскертет. Бардык жүргүнчүлөр кирерде автоматташтырылган термометриядан жана дезинфекциялык тоннелдерден өтөт. Аэропорттордун имараттарында социалдык аралыкты сактоо боюнча белгилер бар.

Манас Эл аралык аэропорту тарабынан аэропорттордо  жүргүнчүлөрдүн  жана тейлөөчү кызматкерлердин күчөтүлгөн коопсуздук чаралары кабыл алынууда.

Пресс-кызмат