mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2020-жылдын 1-февралына карата Жол чарба департаментинин аткаруучу (Подрядчик) ОсОО ЦКДиМ Лонг Хай мекемесине кредитордук карызы жок

Балыкчы-Тамчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолунун реконструкциялоо жумуштарын жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти менен аткаруучу (Подрядчик) ОсОО ЦКДиМ «Лонг Хай» мекемесинин ортосунда 2015-жылдын 4-ноябрында №03/15-23 сандуу келишим 6 803,5 млн. сомго түзүлүп, курулуш иштери башталган. Ал эми аталган жолдун курулуш иштери Республикалык бюджеттин «Капиталдык салымдар» беренесинин долбоорунун тизмесинин негизинде каржыланат.
Курулуш башталгандан бери подрядчиктин аткарган жумушунун көлөмү үчүн каржыланганы 4 365,8 млн сомду түздү.
Ал эми, 2019-жылга 700,0 млн. сом акча каражаты каралып бүгүнкү күндө каржыланганы 700,0 млн. сомду түздү.
2020-жылдын 1-февралына карата Жол чарба департаментинин аткаруучу (Подрядчик) ОсОО ЦКДиМ Лонг Хай мекемесине кредитордук карызы жок.
КРТЖжМ басма сөз кызматы