mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2019-жылы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги ташуу үчүн 16 минден ашык лицензия берген

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги 2019-жылы 9574500 сомго 16 мин 204 лицензия берген.
Жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча 11 506, эл аралык жүк ташуу багытында 4402, юридикалык жактар үчүн 296 анын 254ү жүргүнчүлөрдү ташуу, 42 эл аралык жүк ташуу багытында.

2018-жылдан баштап Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги лицензия менен уруксаттардын бланктарын автоматташтырылган «Электрондук транспорттук көзөмөл» маалыматтык тутуму аркылуу берүүдө.
Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттиги тарабынан www.aat.gov.kg. электрондук порталы иштелип чыккан. Бул жакта агенттиктин иши тууралуу толук маалымат алууга болот. Агенттиктин транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмү лицензиаттар жана Кыргыз Республикасындагы маршруттук тутумдары тууралуу маалыматтарды порталга киргизүү багытында иш алып барат.

«Электрондук транспорттук көзөмөл» автоматташтырылган маалыматтык тутум, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Автомобиль, суу транспорту жана салмак габаритти контролдоо агенттигинин ишин камсыздайт.
Бул тутум МСК жана МБК менен онлайн режимде, ведомстволор аралык электрондук алака түзүү «Түндүк» тутуму аркылуу ишке ашырылат.

Балнктар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.

КР ТжЖМ басма-сөз кызматы.