mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2019-жылы бир катар жаңы аба каттамдарын ачуу пландалууда

2019-жылы туризмди өнүктүрүү максатында бир катар жаңы аба каттамдарын ачуу пландалууда.
«Qazaq Air» авиакомпаниясы 2019-жылдын 7-июнунан тартып Алматы-Ош-Алматы багытында жумасына эки жолу – жума жана жекшемби күндөрү каттайт.
Мындан тышкары бул авиакомпания 2019-жылдын 5-апрелинен тартып Алматы-Бишкек-Алматы каттамы боюнча жумасына эки ирет – жума жана жекшемби күндөрү каттайт.
Ошону менен бирге «Air Arabia» авиакомпаниясы 2019-жылдын 2-июлунан тартып Шарджа-Бишкек-Шарджа багытында аба каттамын ишке ашырып баштайт. Каттам жумасына 4 жолу – шейшемби, бейшемби, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.
«Өзбек аба каттамдары» авиакомпаниясы 2019-жылдын 27-июнунан баштап Ташкент-Тамчы-Ташкент каттамын ачат. Каттам чартердик негизде аптанын жекшемби күнү каттап турат.
«Атлас Глобал» авиакомпаниясы тарабынан 2019-жылдын 10-июнунан тарта жайкы сезонго Анталья-Бишкек-Анталья каттамы ишке кирип, жумасына эки жолу – жума жана жекшемби күндөрү жүрүп турат.
Мындан тышкары 2019-жылдын 22-июнунда «Сибирь» авиакомпаниясы Новосибирск-Тамчы-Новосибирск багытында жумасына бир жолу – жекшемби күнү каттайт.
«Tez Jet» авиакомпаниясы 2019-жылдын 28-июнунан баштап, жумасына 4 жолу каттаган «Ош-Тамчы-Ош» каттамын жандандырат.
2019-жылдын июнунан тартып «Түрк аба каттамдары» авиакомпаниясы Анталья-Бишкек-Анталья багытында жумасына бир жолу – ишемби күнү учкан каттамды киргизет.

Пресс-кызмат