mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2019-жылдын 16-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна Негиздеме-маалымкат

2019-жылдын 16-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна
Негиздеме-маалымкат

а) Мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттенмелери жɵнүндɵ
Узундугу 442 чакырым Балыкчы-Каракол-Балыкчы жолу (Ыссык-Көл айланма), Кыргызтандын бермети болуп эсептелген Ыссык-Көл көлүн курчап Ыссык-Көл областында жайгашкан, курорттук жана эс алуу аймагын түзүү боюнча көп мүмкүнчүлүктөр бар (курорттор, ден-соолукту чыңдөө мекемелери, эс алуу жайлары ж.б.).
«Балыкчы-Каракол-Балыкчы104-184.5 чакырымын реконструкциялоо» долбоору (i) Ыссык-Көл курорттук зонасын Республиканын областары менен жана Казакстан, Кытай Эл Республикасы менен автоунаа байланыштарын жакшыртууга; (ii) Ыссык-Көл айланма жолунун жээгиндеги инфраструктурасын жакшыртуу андан ары ички жана эл аралык туризмди өнүктүрүүгө; (iii) Өнөр жай өндүрүштүн жана айыл чарбанын өнүгүшү жана өсүшү, ага ылайыктуу жаңы жумушчу орундарын түзүүгө;(iv) Ыссык-Көл айланма жолунун Казакстан жана Россиянын жолу менен кошулганы Россия-Казакстан-Кыргызстан-Тажикстан аркылуу транзиттик каттамды түзүүгө мүмкүнчүлүктөрдү ачууга камсыз кылат.
Милдет — Балыкчы-Каракол-Балыкчы автожолунун 104-184.5 чакырымын реконтрукциялоо (Корумду а. — Балбай Баатыр а.) болуп саналат.
2017-жылдын 11-июлунда Араб координациялык тобунун (АКГ) катышуусу менен Кыргыз Республикасында болуп өткөн 3-чү тегерек столдун жыйынтыгынын негизинде Араб координациялык тобу тарабынан “Балыкчы-Каракол-Балыкчы автомобиль жолунун 2Н бөлүгүн, 104-220 чак.” долбоорун каржылоо боюнча макулдашууга жетишилди.
Аталган Долбоор 2019-жылдын 6-августунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фискалдык жана инвестициялык саясат боюнча Кеңешинин отурумунда жактырылган.
б) Аталган КР Мыйзамынын долбоору социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс мүнѳздѳргѳ ээ эмес. Мыйзам долбоорунун социалдык-экономикалык кыймылдары: автожолдун техникалык абалынын жогорулашы, товар жана тейлѳѳ базарына болгон мүмкүнчүлүктү кеңейтүү, жол жүрүү мѳѳнѳтүн кыскартуу, жолду жана автотранспорттук каражаттарды күтүү чыгымдарын азайтуу. Мыйзамдолбоорунун экологиялык кыймылдары: долбоор тарабынан геотехникалык жана экологиялык иш чаралар каралган. Долбоордун коррупциялык кыймылдары: подряддык компанияны тандап алуу иштери ИѲБ товар жана тейлѳѳлѳрдү сатып алуу боюнча колдонмосуна ылайык ишке ашырылат. Укуктук, укук коргоочу жана гендердик кыймылдарды мыйзам долбоору тарабынан күтүлбѳйт.
в) Бул макулдашуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүү маселеси боюнча.
Макулдашуу жалпысынан Конституциянын нормаларына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
2019-жылдын 16-декабрында Сауд Аравия Королдугунун Эр-Рияд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору жана ага тиркелген документтер Транспорт жана жол министрлигинин расмий сайтына жайгаштырылган коомдук талкулоого.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер жѳнүндѳгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 жана 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин профилдик комитеттери тарабынан жактырылган (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин чечими 2019-жыл 10-декабрь; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы комитетинин чечими 2019-жыл 11-декабрь; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин чечими 2019-жыл 10-декабрь).
Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Кɵл айланма автожолун реконструкциялоо боюнча кредиттик макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө жана аталган Кредиттик макулдашууга Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын каржы министрине кол коюуга ыйгарым укук берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2019-жылдын 12-декабрында № 475-б буйругу чыккан.
Сауд өнүктүрүү фонду менен болгон кредиттик макулдашуу 2019-жылдын 16-декабрында кол коюулду.
г) каржылоо булактары тууралуу
Араб координациялык тобу Сауд өнүктүрүү фонду (СƟФ), Кувейт фонду араб экономикалык өнүктүрүү (КФАЭƟ), Абу-Даби өнүктүрүү фонду (АДƟФ), ОПЕК, жана Ислам өнүктүрүү банкы (ИƟБ) курамында долбоор участогун реконструкциялоого насыялык каражатын төмөнкү шарттарда бөлүүдө: СƟФ кредити – 35,00 млн.АКШ.доллар, насыя мөөнөтү — 25 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү- 5 жыл, пайыздык ставкасы — 1 % жылына; кредит КФАЭƟ кредити — 28,90 млн.АКШ. доллар, насыя мөөнөтү — 25 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү- 5 жыл, пайыздык ставкасы — 2 % жылына; АДƟФ кредити – 22,00 млн. АКШ.доллар, насыя мөөнөтү — 25 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 5 жыл, пайыздык ставкасы — 2 % жыл; ОПЕК кредити – 10,00 млн. АКШ.доллар, насыя мөөнөтү — 23 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү — 5 жыл, пайыздык ставкасы – 2,5 % жылына; ИƟБ кредити – 20,00 млн. АКШ.доллар, насыя мөөнөтү — 25 жыл, жеӊилдетилген мөөнөтү – 7 жыл, пайыздык ставкасы – 1,5 % жылына.
Курулуш иштерине, жумуштарына, товарларына жана консультациялык кызматтарына тиешелүү салыктарды жана башка төлөнүүчү чыгымдарды жабуу үчүн КР Өкмөтү үлүшү 12,1 млн.АКШ доллар өлчөмүндө кошумча каржылоосун көтөрөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү насыяны ар жылы, жарым жылда бир жолу 15-январында жана 15-июлунда, 2025-жылдан 2044-жылдары тɵлɵнүп баштайт жана мамлекеттик бюджетке кыйынчылык туудурбайт.
Техникалык параметрлери
104-184.5 долбоордук бөлүгү Корумду а. Балбай Баатыр а. II-техникалык категориядагы параметри боюнча эл аралык маанидеги 4 полосалык унаа жүрүү жол бөлүгү менен долбоорлонгон. Долбоордо тротуарлар, аялдамалар, түтүктөр, арык лотоктору, жарык берүүчү лампалар, реконструкциялоо жана көпүрөлөрдү кеӊейтүү, велосипед жолу салуу каралган.
Күтүү натыйжалары
Жолдун долбоордук участогунун техникалык абалын жогорулатуу жолу аркылуу :
-регионалдык рыноктордун товарлар жана кызмат рыногуна жетүү, анын ичинде билим берүү саламаттык сактоо кызмат көрсөтүү;
— жолдо жүрүү убактын кыскаруу;
— транспорт байланышынын жана мобильдик жакшыртуу;
— Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл жана Түп райондорундагыТемировка, Григорьевка, Кожояр, Семеновка, Ананьево, Жаркымбаев, Чон-Орукту, Орто-Орукту, Ой-Тал, Ой-Булак, Кутурга, Фрунзе, Ак-Булун, Курменты, Балбай Баатыр айылдарынын жол жээгиндеги инфраструктурасынын жакшыртуу (жаңы тамак-аш пунктары, май куючу жайлар, техникалык тейлөө станциялар ж.б.).
Андан сырткары, курулуш жүрүү учурунда жергиликтүү жашоочуларга жумушчу орундар түзүлөт, жана жол жээгин жакшыртуудан кийин, туруктуу жумуш орундарын түзүү үчүн негиз түзүүгө болот.
Бул долбоор коомдук талкулоого киргизилүүдө.