mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2017 – жылдын 6- сентябрь күнү Ѳкмѳттүн № 346-буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин инженери-чарба башчысы Абдыкадыров Камилжан Абдиллаевичти жана жүргүнчүлѳрдү тейлѳѳ боюнча вагондордун проводниги Мырзабекова Айнаш Сеитбековнаны Ѳкмѳттүн Ардак грамотасы менен сыйлады

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана Жолдор министри Ж. Калилов  Эгемендүулүктун 26 жылдыгына карата 2017 – жылдын  6- сентябрь күнү  Ѳкмѳттүн № 346-буйругунун негизинде  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин инженери-чарба башчысы Абдыкадыров Камилжан Абдиллаевичти ошондой эле  Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын жүргүнчүлѳрдү тейлѳѳ боюнча вагондордун  проводниги  Мырзабекова Айнаш Сеитбековнаны Ѳкмѳттүн Ардак грамотасы менен сыйлады.

2017-жылдын 16 августундагы № 346 буйрукта мындайча айтылган:

Мамлекеттин алдында сиңирген ѳзгѳчѳ эмгегин баалоо иретинде жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлугүнүн  26 жылдыгын майрамдоого байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык  Мыйзамынын 17-беренесине  ылайык тѳмѳнкүлѳр Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнун Ардак грамотасы менен сыйланышсын.

20170906_09345220170906_093859

 

пресс -кызмат