mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автожолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбооруна Негиздеме-маалымкат

а) Мыйзам долбоорунун максаттары жана тапшырмалары жѳнүндѳ.

Максаты – Ɵлкөнүн Түндүк-Түштүгү менен үзгүлтүксүз транспорттук байланыш менен камсыздоо.

Берилген долбоор инфраструктураны ѳнүктүрүү, Кыргызстандын облустары ортосундагы үзгүлтүксүз транспорт каттамдары камсыз кылуу, автожолдордун техникалык абалын жогорулатуу, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүү рыногуна жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, Бишкек жана Ош шаарларынын ортосундагы транспорттук жолду 300 км жана ага ылайык Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарына жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга чыгымдарды кыскартуу, өлкөнүн түндүгү менен түштүгүнүн ортосундагы үзгүлтүксүз жана туруктуу автотранспорттук каттамдарды камсыз кылуучу, керектүү кургак жол маршруту болуп саналган Бишкек-Ош автожолунун учурдагы транспорт агымынын өсүшүн жеңилдетүү максаттарына ылайык келет.

 

Милдет — Түндүк-Түштүк (Балыкчы ш.-Жалал-Абад ш.) 159-183 чакырымын альтернативдик автомобиль жолдорун реконструкциялоо болуп саналат.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин ѳлкѳнүн түндүк-түштүгүн үзгүлтүксүз унаа каттамы менен байланыштырып туруучу альтернативдүү автожолун куруу тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан “Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу” долбоорун ишке ашыруу үчүн финансалык каражаттарды тартуу боюнча иш алып барууда.

Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын 2013-2017-ж.ж. туруктуу ѳнүгүү улуттук стратегиясына приоритеттүү инвестициалык долбоор катары эсептелип, ишке ашыруу өлкөнүн экономикалык өсүш темптерин жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Азыркы учурда Кытай Экспорттук-импорттук Банкынын насыялык каражатынан курулуш иштери I-фазанын долбоорунун бөлүктөрүндө жүргүзүлүүдө: Казарман — Жалал-Абад (км 291-433) и Балыкчы — Арал (км 183+500-195+486).

2014-жылдын 31-октябрында Бишкекте Араб координациялык тобунун жыйынын «тегерек столдун» жүрүшүндө «Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу, км 159-183» долбоорун каржылоо жөнүндө кароого сунуштаган.

«Тегерек столдун» жыйынтыгы менен Араб координациялык тобу менен Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн ортосунда жыйналыштын Протоколуна кол коюулган, Араб координациялык тобунун делегациясы «Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу, км 159-183» долбооруна катышуусуна даярдыгын билдирди.

2014-жылдын 2-8 декабрында Сауд Арабияга барган иш сапарында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин Ислам өнүктүрүү банкынын башчысы Ахмад Мохамед Али Аль Мадани менен жолугушуусунун жыйынтыгында, Ислам өнүктүрүү банкы жакынкы күндөрдө өзүнүн Миссиясын Кыргыз Республикасына жаӊы стратегиялык долбоорлорду изилдөө боюнча жиберүүсүн билдирген.

2015-жылы 10-14 мартында Кыргыз Республикасына «Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу, км 159-183» долбоорун каржылоо боюнча Ислам өнүктүрүү банкынын жана Сауд өнүктүрүү фондунун биргеликте миссиясы келип, 2015-жылга иш программасына киргизүү тууралуу биргеликте каржылоону билдирген.

 

б) Аталган КР Мыйзамынын долбоору социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс мүнѳздѳргѳ ээ эмес. Мыйзам долбоорунун социалдык-экономикалык кыймылдары: автожолдун техникалык абалынын жогорулашы, товар жана тейлѳѳ базарына болгон мүмкүнчүлүктү кеңейтүү, жол жүрүү мѳѳнѳтүн кыскартуу, жолду жана автотранспорттук каражаттарды күтүү чыгымдарын азайтуу. Мыйзамдолбоорунун экологиялык кыймылдары: долбоор тарабынан геотехникалык жана экологиялык иш чаралар каралган. Долбоордун коррупциялык кыймылдары: подряддык компанияны тандап алуу иштери ИѲБ товар жана тейлѳѳлѳрдү сатып алуу боюнча колдонмосуна ылайык ишке ашырылат. Укуктук, укук коргоочу жана гендердик кыймылдарды мыйзам долбоору тарабынан күтүлбѳйт.

 

в) Бул макулдашуунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келүү маселеси боюнча.

Макулдашуу жалпысынан Конституциянын нормаларына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.

2017-жылдын 17-майында Сауд Аравия Королдугунун Джидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк  автожолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча насыялык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоору.

           

«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер жѳнүндѳгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 жана 8-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору менен макулдашылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин  профилдик комитеттери тарабынан жактырылган (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин корутундусу 2017-жыл 28-февраль; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана каржы комитетинин корутундусу 2017-жыл 27-февраль; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин корутундусу 2017-жыл 28-февраль).

Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк  автожолун реконструкциялоо долбоору (Балыкчы-Жалал-Абад альтернативдүү автожолу) боюнча Насыялык макулдашуунун долбоорун жактыруу жөнүндө жана аталган Насыялык макулдашууга Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын каржы министрине кол коюуга ыйгарым укук берүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2017-жылдын 13-мартында № 69-б буйругу чыккан.

Сауд өнүктүрүү фонду менен болгон насыялык макулдашуу 2017-жылдын 17-майында кол коюулду.

 

г) каржылоо булактары тууралуу;

2016-жылдын 17-июлунда Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бул долбоорго 75 000 000 сауд риалы (эквивалент түрүндѳ 20.00 млн.АКШ.доллар)  өлчөмүндө насыяны жактырган.

Насыялык макулдашуунун долбоорунун шарттарына ылайык Сауд өнүктүрүү фонду 75 000 000 сауд риалы же 20.00 млн.АКШ доллар  өлчөмүндө насыяны төмөнкү шарттарда берүүдө: төлөө жылдык пайызы – 1%; насыянын төлөө мөөнөтү – 25 жыл, 5-жылдык жеңилдетилген мөөнөтү менен.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун (Дыйкан-Кызыл-Жылдыз участогу), 159-183 км долбоорунун жалпы баасы 33,8 млн.АКШ.долларын түзөт (Ислам Ѳнүктүрүү Банкынын насыясы – 12,0 млн.АКШ.долл,  Сауд өнүктүрүү фонду насыясы – 20,0 млн.АКШ.долл, Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн үлүшү – 1,8 млн.АКШ.долл).

Насыя ар жылы, жарым жылда бир жолу 15-мартта жана 15-сентябрында, 2023-жылдан 2042-жылдары тѳлѳнүп баштайт жана мамлекеттик бюджетке кыйынчылык туудурбайт.

Ислам өнүктүрүү банкынын Насыялык макулдашуусу 2016-жылдын 9-июнунда кол коюулган жана 2016-жылдын 28-декабрында КР Мыйзамы менен ратификацияланган.

Бул каражаттар Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолунун участогун абалын жакшыртууга, жер жана дренаждык иштерге, асфальттоо жана көпүрөлөрдү калыбына келтирүү иштерине жумшалмакчы.

Бул долбоор ратификациялоого киргизилет.

 

 

Министрдин орун басары                                                                       А. Жусубалиев