mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Т.Солтобаев, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ы. Бариев жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар  министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын директору Т.Жаныбеков тааныштырылды.

2022-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев ведомствонун жамаатына  Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун 2022-жылдын 8-декабрындагы №789 буйругу менен Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары болуп Солтобаев Талантбек Осмонбекович  жана  8-декабрдагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун 2022-жылдын №790 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун 2022-жылдын 12-декабрындагы №794 буйругу менен «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалган Тариэль Жаныбековту тааныштырды.
Белгилүү болгондой, Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.Жапаровдун 2022-жылдын 8-декабрындагы  №787 буйругу менен Н.Кайынбаев өзүнүн өтүнүчү боюнча берилген арыздын негизинде Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
2022-жылдын 8-декабрындагы № 788 буйругу менен Т.Тиллаев өзүнүн каалоосу менен берген арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары кызматынан бошотулду.
Ошондой эле, 2022-жылдын 12-декабрындагы No 793 буйругу менен К.Нурманбетов өзүнүн берген өтүнүч  арызына ылайык Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын директору кызматынан бошотулду.


КР ТжКМнин басма сөз кызматы