mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

13-февралда республика боюнча трассадагы карды чыгаруу жана ага туз, кум толтуруу иштери жүрүп жатат

 

Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 13-февралында күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Аба ырайы булуттуу, айрым жерлерде күн ачык.

Чүй облусунда күндүз +1…+6; Таласта 0…+5; Баткен облусунда +2…+7; Ош, Жалал-Абад облустарында +2…+7; Ысык-Көлдө +1…+6, Нарында 0…-5.

2023-жылдын 13-февралында Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусундагы 123-чакырымынан 209-чакырымына чейинки бөлүгүндө №1  ЖТИнын кызматкерлери тарабынан жол жээгиндеги кар күрткүсүн тазалоо жана инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, Каркыра-Турук-Сарыжаз тилкесиндеги Каркыра айылына кире бериште 0-1 чакырым аралыктагы жолдор тазаланып жатат.

Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө жок. Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашуу тилкелеринде кар күрткүсүн түшүрүү, ага туз, кум салуу иштери жүрүп жатат.

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 293-чакырымынан 297-чакырымына чейин жана Солтон-Сары-Кичи-Кара-Кужур унаа жолунун 1-2-чакырымына чейин көпүрөнүн муз каптаган жерлери № 41 ЖТИнын кызматкерлери кол менен тазалап, тайгакка каршы инерттик матриал менен толтурулууда.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун Кара-Бура ашуусу (190-чакырымынан 215-чакырымына чейин), Сары-Кыр ашуусу Казарман-Жалал-Абад унаа жолунун 0-52-чакырымына чейин  жана  Нарын районундагы Атбашы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусу жергиликтүү райондук мамлекеттик администрация башчыларынын буйруктары менен жабык.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга эскертет, эгерде жолго чыгып кеткен болсоңуз, унаа жолдорунун ашуу тилкелеринен өтүүдө кар чынжырчаларын алып жүрүүнү, жолдун каршы тилкесине чыкпоону сунуштайт. Кар жааган учурда жолдорду кардан тазалоочу атайын техниканын жумушуна тоскоол болбооңуздарды өтүнөбүз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы