mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жолчулар тарабынан аткарылган иштер туурасында 12-майга карата маалымат

Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 200-208-чакырым аралыгы автогрейдер менен сүрүлүп, тегизделди. Аймакты тейлеген №27 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолдун 208-213-чакырым аралыгындагы тилкесин кеңейтип, жолго чыккан сууларды буруп, тоо боорунан түшкөн таштарды терип, тазалашты.

Ош-Кара-Суу-Савай унаа жолунун 6-9-чакырымындагы жол жээгин тазалоо жумуштары жүрүүдө.

Ат-Башы-Кында-Торугарт менен Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол элементтери акталып, сырдалып, таштандылардан тазаланууда.


КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы