mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Жол жумуштарынын түрлөрү боюнча (жол боюнча кеңеш берүү кызматы) туруктуу техникалык көзөөмөл жүргүзүүгө чыгымдалган убакыттын Ченемдерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 6-июлундагы № 226 буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү» долбооруна Негиздеме-маалымкат

«Автомобиль жолдору жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын 39-3-беренесин аткаруу үчүн «Туруктуу техникалык көзөмөлдү жүргүзүү жана тапшырыкчы, шарт менен иштөөчү жана инженер-кеңешчинин өз ара мамилелери жөнүндө Жобо» иштелип чыккан жана 26 декабрь, 2014 –жылдагы № 742 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен жактырылган.

«Жол жумуштарынын түрлөрү боюнча (жол боюнча кеңеш берүү кызматы) туруктуу техникалык көзөөмөл жүргүзүүгө чыгымдалган убакыттын Ченемдери» иштелип чыккан долбоору (мындан ары – Чыгымдардын ченемдери) 2017-жылдын 6-июлундагы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин№ 226  буйругу жол кеңеш берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө (туруктуу техникалык көзөмөл) каражаттардын пландаштырылган көлөмүн аныктоо боюнча иштерди тартипке салууга мүмкүндүк берет. Автомобиль жолдорун жана жол курулуштарын куруу, калыбына келтирүү, оңдоп-түзөө жана тутууга контроль жүргүзүүнү камсыздайт жана техникалык көзөмөлдүн: инженер-жолчулар, инженер-топографтар, көпүрөлөр боюнча инженерлер жана башка кошумча персоналдардын эмгек чыгымдарынын ченемдерин камтыйт.

Бирок, иштелип чыккан убакта  каражаттардын пландаштырылган көлөмүн аныктоо боюнча иштерди тартипке салуусунун Тартибинде техникалык жана математикалык эсептөөдө катачылыктар кеткенин жана аны оңдоо талап кылынат, инженер-консультанттардын ставкасын 396,3 сомдун ордуна 115,49 сомду киргизүү болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин буйругунун бул долбоорун кабыл алуу  социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт жана республикалык бюджеттен кошумча финансы каражаттарын талап кылбайт.

Буйруктун бул долбоору ишкердик иш-аракеттин кызыкчылыктарына тиешеси жок, толук бойдон Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин жол жумуштарын техникалык көзөмөлдөө, чыгымдарынын ченемдери боюнча ишмердигин жөнгө салууга багытталган жана ушуга байланыштуу регулятивдик таасир этүүнү талдоону талап кылбайт.

Долбоор караштырууга жана макулдашууга киргизилет.

Министр                                 Ж. Калилов