mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол кызматкерлер трасса дагы кардан, таштандылардан жана таштардан тазалоо жумуштарын аткаруу да

Кечээ, 2023-жылдын 21-февралында Түп-Кеген унаа жолунун 59-чакырымынан 65-чакырымына чейинки, ошондой эле 2023-жылдын 20-февралына караган түнү жааган кар күрткүсүнөн улам жабылган 68-75-чакырымындагы жолдордун тилкелери тазаланып,  каттам ачылды.

Ошондой эле, Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолун дагы Түп айылындагы жаңы курулган жолдун жанындагы лотокторго чогулган таштандылардан тазаланды. Андан соң Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №4 ЖТИнын кызматкерлери Түп айылынын сел каптаган көчөлөрүнөн агып кеткен сууну автогрейдердин жардамы менен бурушту.

Ошондой эле, 21-февраль күнү кечинде Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунда өтмөк берилди. Бул жерде топтолгон сууну агызып, жолдун 70 чакырымында кар көчкүлөрүн тазалоодон кийин калган таштарды тазалоо иштери жүргүзүлүп, ПАД-Бүлөлү унаа жолунун 107 чакырымы кардан тазаланып, унаалардын өтүүсү үчүн  жол кеңейтилди.

21-февраль күнү Кемин-Орловка унаа жолунун 0-6-чакырымына чейин топтолгон жана кирген суу трассадан бурулуп, ошондой эле №32 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан кар күрткүлөрүнөн тазаланган.

Кыргызгидромет билдиргендей, 2023-жылдын 22-февралында өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй облусунда +13…+18; Таласта +10…+15; Баткенде +13…+18; Ош, Жалал-Абад облустарында +13…+18; Ысык-Көлдө +6…+11, Нарында -2…+3.

Бүгүн, 2023-жылдын 22-февралында Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун 0-26-чакырымындагы тилкесинде №955 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан тайгакка каршы материалдар менен жолду  толтуруу иштери жүрүп, каттам үчүн ачык.

Түзбел, Торугарт ашууларында күн бүркөлүп, катуу шамал болуп, бул аймакта жаан-чачын болбойт. Бул жерде жолдор  кардан тазаланып, тайгакка каршы инерттүү материалдар чачылган. Ошондой эле, Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолунун 57-чакырымынан 72-чакырымына чейинки Сарыбулак-Арчалы-Оруктам унаа жолунун  №14 ЖТИнын кызматкерлери тарабынан жүктөгүчтүн жардамы менен жолдун жээгиндеги кар күрткүлөрү тазаланды.

2023-жылдын 21-февралында Өтмөк, Төө-Ашуу, Чапчыма, Чыйырчык, Долон, Чар, Акбейит, Торугарт, Кызарт, Карагоо жана Чоң-Ашуу сыяктуу башка ашууларда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тарабынан карды тазалоо, суу өткөргүчтөргө жакындаганда муз жарып чыгуу жана тайгакка каршы инерттүү материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

 

КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги унаалардын айдоочуларын ашуу тилкелеринен өтүүдө кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн өтүүчү тилкелерге кирүүдө кардын чынжырын тагынууга чакырат. Ашуу участокторун кесип өткөндөн кийин жолдорду деформациялап албаш үчүн жалпак жерлердеги кардын чынжырларын алып салуу керек.

Мындан тышкары, узак жолдорго чыгаар алдында көйгөйлөр жаралбашы үчүн унаалардын техникалык абалын текшерүү зарыл экендигин эскертебиз.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы