mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол фонду өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, маалымдуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.

Жол фонду өз ишин мыйзамдуулук, ачыктык, айкындуулук, маалымдуулук, ошондой эле Фонддун каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу башкаруу принциптеринде жүзөгө ашырат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №346 “Жол тармагын трансформациялоо боюнча чаралар жөнүндө” токтому менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу ишке ашыруу максатында , Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду түзүлдү.

Фонд төмөнкү максаттар үчүн түзүлгөн:

— Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун тармагын сактоо жана өнүктүрүү үчүн жол тармагынын иштешинин финансылык базасын чыңдоо;

— жол тармагын каржылоо системасын ички резервдерге багыттоо;

— жол тармагын өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул Жарлыгы менен Жол фондунун жоболору бекитилген.

Фонддун жогорку башкаруу органы болуп Фонддун Байкоочу кеңеши, аткаруучу органы болуп Фонддун катчылыгы саналат.

Фонддун Кеңеши Фонддун ишинин негизги багыттарын, артыкчылыктарын, узак мөөнөттүү жана учурдагы милдеттерин карайт, аныктайт жана бекитет. Ошондой эле Фонддун каражаттарын чыгымдоо планын бекитет, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол чарбаларын долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, оңдоого жана күтүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын бөлүштүрөт. Жыл сайын Фонддун каражаттарынын пайдаланылышы боюнча аудиттин корутундусун угат.

2022-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жалпы коомчулуктун, атап айтканда, жүк ташуучулар ассоциациясынын жана мамлекеттик органдардын катышуусунда “Жол фонду жөнүндө” мыйзамды талкуулоо боюнча парламенттик угуулар болуп өттү. жыйынтыгында Жол фондун түзүүнү бардыгы колдошту.

Ошондой эле 2022-жылдын 18-февралында Жол фондунун Байкоочу кеңеши түзүлүп, биринчи отуруму болуп, анда фонддун уюштуруу маселелери каралып, бекитилген.

Фонддун бюджети Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жоболоруна ылайык түзүлөт. Фонддун кирешеси төмөнкүлөрдөн түзүлөт:

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулуштарын долбоорлоого, курууга, реконструкциялоого, оңдоого жана күтүүгө каралган каражаттар;

— бензинге, жеңил жана орто дистилляттарга жана башка бензиндерге, дизелдик отунга, дизелдик жана (же) карбюратордук (инжектордук) кыймылдаткычтар үчүн мотор майларына элүү пайыздык акциздик салык;

— автотранспорт каражаттарын каттоо үчүн жыйымдар;

— транспорттук каражаттардын максималдуу өлчөмдөрүн жана башка сызыктуу параметрлерин таразага тартуу жана ченөө үчүн жыйымдар жана жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда атайын жана бөлүнгүс жүктөрү бар транспорттук каражаттардын өтүүсү үчүн жыйымдар;

— жалпы пайдалануудагы жолдордогу жасалма курулмалар аркылуу өтүү үчүн акылар;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жол тилкесинде жана жол боюнда жайгашкан жер участокторун ижарага берүү үчүн төлөмдөр ж.б.

Мындан тышкары, Фонд төмөнкү функцияларды аткарат:

— Фонддун Кеңешинин чечимдеринин негизинде долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык операцияларды, ошондой эле Фонддун Катчылыгынын операциялык жана учурдагы чыгымдарын жүзөгө ашырат;

— Фонддун Кеңешинин мүчөлөрүнүн талабы боюнча уюштуруучу Фонддун иши жөнүндө маалыматтарды берет;

— казыналык системасында Фонддун бюджеттик жана атайын эсебин ачат;

— долбоордун аткаруучусу келишимдин шарттарын же долбоорду ишке ашыруунун жол-жоболорун бузган учурда каржылоону токтотот;

— мамлекеттик сектордогу ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте Фонддун каражаттарынын кыймылы боюнча эсепти жана отчетторду жүргүзөт жана башкалар.

Белгилей кетсек, Фонддун каражаттары төмөнкүлөргө жумшалат:

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону, оңдоону жана күтүүнү, ошондой эле өнүктүрүүнү каржылоо;

— жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун күтүү, оңдоо жана куруу үчүн машиналарды, механизмдерди жана жабдууларды сатып алуу;

— жол жана жол боюндагы тейлөө объекттерин өнүктүрүү, жалпы пайдалануудагы жолдордо транспорт каражаттарына техникалык жардам көрсөтүү ж.б.

Байкоочу кеңештин курамынын жарымы транспорт жана жол чарба тармагындагы коомдук уюмдардын өкүлдөрү экенин белгилегим келет.