mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол чарба департаменти 80-90 пайыз кышка даяр  

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары, Жол чарба департаментинин жетекчилиги жана Бишкек-Ош генералдык дирекциясынын директору министрдин тапшырмасы менен Чуй, Нарын, Ыссык-Кол, Жалал-Абад облустарына жергиликтүү Жол тейлѳѳ мекемелеринин кышка даярдыктарын текшерип келишти. Текшеруу учурунда бардык Жол тейлѳѳ мекемелеринде кышка даярдыктар кызуу жүргүзүлүп жана аткарылган жумуштар 80-90 пайызды түзгѳндүгү аныкталды. Аларга техникалардын даярдыктары жана инерттик материалдар (кум, ГПС, СПС) кирет. Ошондой эле калган облустарда да атайын маалыматка ылайык кышка даярдык жумуштар аткарылып жана ашууларда тиешелүү жумуштар жүргүзүлүүдѳ.

Пресс-кызмат