mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

ЖОЛ БОЮНЧА КЕҢЕШ БЕРҮҮ КЫЗМАТЫНЫН ТҮРЛӨРҮНӨ БААЛАРДЫ АНЫКТОО УСУЛУ (ТУРУКТУУ ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ)

“Автомобиль жолдору жөнүндө”  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-2-беренесине ылайык жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө  (туруктуу техникалык  көзөмөлдөө) негизги баалар өзгөчө каражаттарды пландаштырууда колдонулат.

Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө бааларды аныктоо усулу (мындан ары – Усулу), жол боюнча кеңеш берүү кызматына пландаштырылган каражаттардын эсеп-кысабынын тартибин аныктайт.

Жол боюнча кеңеш берүү кызматына бааларды эсептөөдө төмөндөгүлөр колдонулат:

-“Жол иштеринин түрлөрү боюнча туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө(жол боюнча кеңеш берүү кызматы) убакытты чыгымдоонун ченеминин” (мындан ары – Ченемдер) ушул  усулуна 1,2 — тиркеме; — инженер-кеңешчинин орточо сааттык коюму.

 

Эсептөөнүн тартиби:

 

Жол боюнча кеңеш берүү кызматы жүргүзүлө турган жол иштеринин пландаштырылган түрлөрүн ченем боюнча табабыз жана  ушул иштин түрүнө (ченөөчү) аныкталган көлөмгө эмгек чыгымынын (саат менен)  ченемин жанажол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө эмгек чыгымынын ченемин аныктайбыз (таблицада жол иштеринин түрлөрүнө эмгек чыгымынын пайызы катарыкөрсөтүлгөн).

 

Пландаштырылган жол иштерине убакыттын эмгекчыгымынын ченемин пландаштырылган жол иштеринин көлөмдөрүнө ылайык келтиребиз ( Мисалы: Ченөөчү — 1000 м2,пландаштырылган жол иштеринин көлөмү -2000м2,убакыттынѳлчѳмү – 10 саат.  Көлөмгө ылайык келтирүү: 2000м2:1000м2*10саат = 20 саат).

Эгерде жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө эмгек чыгымынын ѳлчѳмү  тиешелүү таблицада бир канча позицияда көрсөтүлгөн болсо, анда алардын суммасын төмөндөгүдөй (мисалы: 30%+10%=40%) деп эсептейбиз.

Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө эмгек чыгымынын ченеми саат менен эсептелет, жол иштеринин пландаштырылган көлөмүнө эмгек чыгымын жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнүн эмгек чыгымынын пайызына көбөйтүү жолу менен чыгарылат  (мисалы: 20 саат х 40%=8саат).

Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө  эмгек чыгымынын саат менен эсептелген ченемин инженер-кеңешчинин орточо сааттык коюмуна көбөйтөбүз (мисалы: инженер-кеңешчинин орточо сааттык коюму – 50 сом. Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө эмгек чыгымдары сом менен 8саат х 50сом=400сом).

Юридикалык жактардын айлык акыларынан социалдык төлөмдөргө чегерүүлөрдү эсепке алабыз (мисалы: 400сом*17,25%=69сом).

Транспорттук чыгымдарга, лабораториялык тесттерге, байланышка жана башка жардамчы жумуштарга кошумча чыгымдардыинженер-кеңешчинин айлык акысынын 50% өлчөмүндө эсепке алабыз (мисалы: 400сом х 50%=200 сом).

Кошумча наркка жана сатууга салынган салыкты эсепке алабыз  (мисалы: (400+200)х12%+(400+200) х 2%=84,0 сом).

Рентабелдүүлүктү 8% чегинде эсепке алабыз  (мисалы: 400+200) х 8%=48 сом).

 

 

 

Жол боюнча кеӊеш берүү кызматынын түрлѳрүнѳ бааларды аныктоо усулуна үлгү:

“6500м2 көлөмдөгү ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусун курууда” туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө кеткен каражаттардын көлөмүн аныктоо.

Туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө кеткен убакыттын чыгымдарынын тиркеме 2 ден (2-Тиркеме) жол иштеринин ылайыктуу түрүн таблица КРЕР27-06-020-01 ден 1000 м2Ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусуна” кеткен эмгек чыгымын табабыз. 1000 м2 ка кеткен эмгек чыгымы (убакыт бирдиги)-13,07 сааты түзѳт.

 

6500 м2 көлөмдөгү ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусун курууда” канча убакыт талап болорун аныктайбыз:

(6500м2:1000м2 х 13,07 саат = 84,89 саат.

Мында: 6500м2 – пландаштырылгаништинкѳлѳмү;

1000м2 – бирдикѳлчѳмү (бирдикчени);

13,07 саат–1000м2ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусуна” кеткен эмгек чыгымы (убакыт бирдиги).

 

Кийин КРЕР27-06-020-01 таблицасынан туруктуу техникалык кѳзѳмѳлдѳѳгѳ кеткен эмгек чыгымдарды аныктайбыз;

-инженер жолчу — 40%, ((6500м2:1000м2)х13,07)х40%=33,95 саат;

-инженер топограф – 40%, ((6500м2:1000м2)х13,07)х40%=33,95 саат;

— жардамчы кызматкерлер – 30%, ((6500м2:1000м2)х13,07)х30%=25,47 саат;

 

Баардыктуруктуу техникалык кѳзѳмѳлдѳѳгѳ кеткен эмгек чыгымдары;

(33,95+33,95+25,47)=93,37 саат.

Биз 6500 м2 көлөмдөгү ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусун курууга, туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө кеткен эмгек чыгымдарына 93,37 саат кетээрин аныктадык.

 

Үлгү үчүн биз инженер-консультанттын орточо сааттык коюму 50 сомго барабар деп колдонобуз.

 

93,57 час х 50сом = 4668,5 сом.

 

Социалдык фонд – 17,25% эмгек акыдан:

 

4668,5 сом х 17,25%=805,32 сом.

 

Кошумча чыгымдарды эсепке алуу менен: транспорттук чыгымга, командировкага чыгуу чыгымы, лабоаториялык тестерге, байланышка жана башка кошумча чыгымдарга инженер-консультантарынын эмгек маянасынан 50% алабыз.

 

4668,5 х 50% = 2334,25сом.

 

НДС (12%) жана сатуудан алынган салык (2%) эсепке алуу менен:

 

(4668,5+2334,25) х 12% +(4668,5+2334,25) х 2% = 980,38 сом.

 

8%ѳлчѳмдѳрентабелдүүлүктүэсепкеалууменен:

 

(4668,5+2334,25) х 8%= 560,22 сом.

 

Бул үлгүдө “6500 м2көлөмдөгү ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусун курууда” туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө бардыгы болуп 9348,67 сом суммасына барабар каражаттардын көлөмү кетээри аныкталды.

 

Кыргыз Республикасынын θкмѳтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин пйдалануу менен курулушту ишке ашыруучу заказчы-куруучунун кызматын күтүүгѳ  чыгымдардын нормативи негизги капиталга (капиталдык салымдарга) инвестициялардын жана негизги фонддорду ремонттоого чыгымдардын кѳлѳмүнүн 2,9 процентине чейики ѳлчѳмдѳ бекитилген.

Кыргыз Республикасында жол боюнча кеӊеш берүү кызматын сатып алууда,  каражаттарды үнѳмдѳѳ максатында, курулуш жанаоӊдоо иштеринин кѳлѳмүнүнбаасынын 1,4 процентин колдонобуз.

 

Инженер-кеңешчинин орточо сааттык коюмун аныктайбыз:

 

(4668,5+2334,25*1,4/84,89=115,49 сом,

 

Мында: 4669,5 сом — 6500 м2көлөмдөгү ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусун куруудагы инженер-кеӊешчинин жалпы эмгек маянасы.

 

2334,25 сом –инженер-консультантарынынтранспорттук чыгымга, командировкага чыгуу чыгымы, лабоаториялык тестерге, байланышка жана башка кошумча чыгымдары.

 

1,4-техникалыккѳзѳмѳлдѳѳнүн, курулуш жана оӊдоо иштеринин жалпы кѳлѳмүнүн коэффициенти.

 

84,89 саат – 6500 м2 асфальтобетон жабдуусун курууга кеткен убакыт.