mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын буйругу менен Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолундагы Калмак-Ашуу, Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусу, Куртка-Соңкул унаа жолундагы Молдо-Ашуу жана Сары-Кыр Казарман-Жалал-Абад авто унаа жолундагы ашуулар жабык.

Жыл сайын бийик тоолуу райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчылары Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирдикте айрым ашууларды татаал климаттык шартка байланыштуу жабуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын Жарлыгын чыгарышат. Ошол себептен бүгүнкү күндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын буйругу менен Сары-Булак-Соң-Көл унаа жолундагы Калмак-Ашуу ашуусу, Ат-Башы-Кында-Торугарт унаа жолундагы Кында ашуусу жабылды.

2022-жылдын 2-ноябрында Куртка-Соңкул автожолундагы Молдо-Бел-Ашуу жана Казарман-Жалал-Абад автожолундагы Сары-Кыр ашууларын жабуу боюнча Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрацияларынын буйруктары чыкты.

Белгилей кетсек, 31-октябрда Ак-Талаа районундагы Молдо-Ашуу ашуусунда кардын калыңдыгы 7,8 см кар жаап. Жолдун жүрүүчү бөлүгүн тазалоо үчүн ал жакка атайын техникаларды жөнөтүү чечими кабыл алынган, бирок татаал аба ырайына жана климаттык шартка байланыштуу бир автогрейдер жана жүктөгүч бара алган эмес.Ошентсе да КР ТжКМнин №15 ДЭУнун 6 жол кызматкери «Пикап» автоунаасы менен барып ,көмүр жүктөлгөн жүк ташуучу унаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүн камсыз кылуу максатында жолдун бөлүгүн тайгакка каршы инерттүү материалдарды кол менен чачып чыгышкан.2022-жылдын 31-октябрында көмүр жүктөлгөн бардык унаалар Молдо-Ашуу ашуусу аркылуу өтүп, көмүр жергиликтүү тургундардын муктаждыгы үчүн Ак-Талаа районуна жеткирилген.

Буга чейин жергиликтүү жол кызматтары Молдо-Ашуу ашуусу аркылуу автоунаалардын өтүүсүн камсыздап, Кара-Кече карьеринен Ак-Талаа районунун район борборуна көмүрдү үзгүлтүксүз ташып келишкен.

Молдо-Ашуу ашуусу аркылуу көмүр ташыган айдоочулардын эсине сала кетсек, 2022-жылдын 2-ноябрында Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрацияларынын Куртка-Соңкол автожолундагы Молдо-Ашуу жана Казарман-Жалал-Абад унаа жолундагы Сары-Кыр ашууларын жабуу боюнча буйрук чыккан.

КР ТжКМнин басма сөз кызматы