mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жол акысын төлөөдөн качып, жасалма номер таккан чет элдик оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары кармалды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Тоннелдерди пайдалануу, оңдоо жана күтүү кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 5-апрель күнү Бишкек — Ош унаа жолунун 396- чакырымында жайгашкан Кара-Көл тоннель кызматында Ош облусунан Бишкекти көздөй кетип бара жаткан DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа каражаты мамлекеттик номери 01KG302ABG болгон Хайландер унаасынын номерин тагып алып, өтүүгө аракеттенген. Бирок, тоннель кызматынын жетекчиси Данияр Кыдырбаев автоунаанын айдоочусун Т.М.А. кармап калган.

Негизи, автоунаа Россия Федерациясынын каттоосунда турганы жана мамлекеттик номери К698УС777RUS экени аныкталган. Бул жаран, мыйзамдын негизинде чет элдик оор жүк ташуучу унааларга бекитилген 5200 сомду төлөгөндөн качып, Кыргызстанда катталган башка унаанын мамлекеттик номерин мыйзамсыз тагып алып, 275 сом төлөгөнгө аракет жасаган.

Ошол эле учурда, ЖККК кызматкерлерине кабар берилип, алар мыйзамдын негизинде 20 000 сом айып пул салышкан. Ошондой эле, токтомдо бекитилген 5200 сом тоннель кызматына төлөнгөн.

Ушул эле көрүнүш 7-апрель күнү кайталанган. А.Б.Э. жараны Польша мамлекетине таандык Volvo автоунаасынын мамлекеттик номерин PL33437 чечип, КРде катталган Мерседес вито үлгүсүндөгү автоунаанын мамлекеттик 4KG565ABF номерин тагып өтүүгө аракеттенген.

Жыйынтыгында, токтомдо бекитилген 5200 сом тоннель кызматына жана 20 000 сом айып пул төлөгөн.

Кыргызстанда катталган мамлекеттик номерлердин ээлери чет элдик унааларга тагууга жол берген үчүн бул иш-чаранын шериктери катары мыйзам чегинде жергиликтүү кызматтар тарабынан жоопко тартылат.
————————
Чүй облусунун Сосновка жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ш. посттору аркылуу жүрүү акысын төлөө баалары:

КРде катталган унаалар үчүн:

45 сом – жеңил унаалар;
75 сом — микроавтобустар, автобустар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 3 тоннага чейинки башка жеңил унаалар;
125 сом — жүк көтөрүмдүүлүгү 3 тоннадан 5 тоннага чейин чоң жүк ташуучу уналар;
250 сом — 5 тоннадан 10 тоннага чейин чоң жүк ташуучу уналар;
275 сом — 10 тоннадан жана андан жогору чоң жүк ташуучу уналар;
———-
Чет өлкөдө катталган унаалар үчүн:
$5 – жеңил унаалар;
10 доллар — микроавтобустар, автобустар жана жүк көтөрүмдүүлүгү 3 тоннага чейинки башка автоунаалар;
$20 — жүк көтөрүмдүүлүгү 3 тоннадан 5 тоннага чейинки чоң жүк ташуучу унаалар;
40 доллар — 5 тоннадан 10 тоннага чейинки чоң жүк ташуучу уналар;
$60 — 10 тоннадан жана андан жогору болгон чоң жүк ташуучу уналар;

Төмөндөгү баалар 1996-жылдын 22-апрель күнү №183 токтомунун негизинде бекитилген.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы